Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:19

Сыдыковдун сабалышы: Кыргызстан Казакстандан кенемте талап кылат


Чолпонбек Сыдыков 21-январда Алматыдан Бишкекке "Тез жардам" унаасы менен жеткирилди.
Чолпонбек Сыдыков 21-январда Алматыдан Бишкекке "Тез жардам" унаасы менен жеткирилди.

Казакстандын Бишкектеги консулу Алматыда сабалган кыргызстандык жаран Чолпонбек Сыдыковго байланыштуу 21-январда Тышкы иштер министрлигине чакыртылды. Аталган мекеме анда бул жарандын саламаттыгына оор залал келтирген казак күч кызматкерлери тууралуу нота тапшырылганын маалымдады.

ТИМ тараткан маалыматта кыргыз тарап бул окуянын адилет, акыйкат иликтеп-тергелиши, күнөөлүүлөрдүн жоопко тартылышы, Сыдыковго кенемте төлөнүшү керектигин билдиргени айтылат.

Казакстандын Алматы шаарында башламандыктарга байланыштуу кармалып, катуу сабалган кыргызстандык жаран Чолпонбек Сыдыков 20-январда Бишкекке "Тез жардам" кызматы менен алынып келип, 4-ооруканага жаткырылган. Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулу Назарали Арипов ал 8-январда Бишкекке кетип баратканда Алматынын чыга беришинде кармалганын билдирген жана дайыны 11 күндөн кийин билинген. Сыдыков катуу токмоктолуп, эки буту, кабыргасы сынганы белгилүү болгон.

Сыдыковдун жакындары ал эмерек орнотуучу болуп Алматыга барып-келип иштеп жүргөнүн, күч кызматкерлери кармап, Кошмамбет айылын көздөй алып кетишкенин жазышкан.

Казакстандагы соңку окуялардан улам жалпысынан он кыргызстандык жаран кармалган, алардын баары бошотулду, эки кыргыз жараны каза болду.

Казакстанда суюлтулган газдын кескин кымбатташына байланыштуу тынчтык митингдери алгач 2-январда башталып, кийин өлкөнүн башка аймактарына жайылган. Ал башаламандык талап-тоноолор, тоз-тополоң менен коштолгон.

Тополоңдо каза болгондордун саны 227га жетти. 10 миңдей адам кармалып, 700дөй кылмыш иши козголгону кабарланды.

XS
SM
MD
LG