Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:28

Данияр Тербишалиев атайын кызматка сүйлөшүүгө чакырылды


Данияр Тербишалиев.
Данияр Тербишалиев.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Элдик кошуундар бирикмесинин төрагасы Данияр Тербишалиев “Фейсбуктагы” баракчасына жазды. Анда камактагы экс-депутат Бактыбек Калмаматовго байланыштуу сүйлөшүүгө чакырылганын билдирди.

“УКМК иштебей жатат деп жатасыңар! Иштеп жатат! Саясий туткун - Бактыбек Калмаматовду колдоп, сотко катышып, билдирүү жазганыма эки-үч күн боло элек, сүйлөшүүгө чакырышты”,-деген билдирүү калтырды.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) азырынча буга байланышуу комментарий бере элек.

Президент Садыр Жапаров “Вечерний Бишкек” басылмасына курган соңку маегинде Калмаматов жөнүндөгү суроого да жооп берип, аны кызматка чакырганын айткан. Аны “учурда айрым саясатчылар пайдаланып жатат” деп билдирген.

Калмаматовду УКМК өткөн айда кармаган жана "расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу" беренеси менен айып койгон.

Биринчи май райондук соту аны 9-февралга чейин абакта калтырган. Калмаматов өзү айыптарды четке кагып, “саясий куугунтук” экенин айтып келет.

Биринчи май райондук соту 11-январда Калмаматовдун кармалышынын мыйзамдуулугу тууралуу анын жактоочуларынын арызын карап, бошотуу тууралуу өтүнүчтү канааттандырган жок.

Бишкек шаардык соту 12-январда саясатчынын бөгөт чарасын кароону кийинкиге калтырган. Буга соттук коллегиянын бир мүчөсү, судья Шарабидин Токтосуновдун бул жараянга катышуудан баш тартканы негиз болгон. Токтосунов анын себебин Калмаматов менен буга чейин жакшы мамиледе болгону менен түшүндүргөн.

Кийинки сот жараяны качан болору тактала элек.

Саясатчы соңку парламенттик шайлоого "Азаттык" партиясынын тизмесинде талапкер болгон. Аталган партия 5% босого чектен өткөн эмес.

XS
SM
MD
LG