Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:06

Австралияда белгилүү теннисчи Жоковичтин арызы сотто каралды


Новак Жокович.
Новак Жокович.

Австралияда белгилүү сербиялык теннисчи Новак Жоковичтин аны өлкөдөн чыгаруу тууралуу чечимге каршы апелляциялык арызы каралып бүттү, жыйынтыгы жакынкы бир нече саат аралыгында жарыяланат.

Коронавируска каршы эмделбеген 34 жаштагы спортчу Мельбурнда калып, Австралиянын ачык чемпионатына катыша алабы же жокпу, үч судьядан турган коллегия чечет.

Дүйнөлүк рейтингде биринчи сапта турган Жокович коронавируска каршы эмдөөдөн өтпөгөндүктөн Австралия ага өлкөгө кирүүгө мүмкүнчүлүк берүүчү визасын жокко чыгарган. Соттун бул чечимине каршы даттанып ал кайрадан сотко кайрылган.

Теннисчи катыша турган турнир 17-январда өтөт. (RK)

XS
SM
MD
LG