Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:15

Казакстан: Карим Масимовго “бийликти басып алуу” боюнча айып тагылды


Карим Масимов.
Карим Масимов.

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин (УКК) мурдагы төрагасы Карим Масимовго карата “бийликти басып алуу” беренеси боюнча да кылмыш иши козголду. Бул тууралуу аталган органдын басма сөз кызматына таянуу менен “Азаттыктын” казак кызматы жазды.

Жаңы берене боюнча коопсуздук комитетинин жетекчисинин мурдагы эки орун басарына да айып тагылган.

Карим Масимов соңку нааразылыктардын фонунда 6-январда кызматтан алынып, ошол эле күнү кармалып, тергөө абагына камалган. Ага алгач “мамлекетке чыккынчылык кылган” деген айып тагылган.

56 жаштагы Карим Масимов өлкөнүн туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин көп жылдан берки санаалашы катары айтылып жүрөт. Ал атайын кызматтын башына 2016-жылы келген. Ага чейин, 2007-2012-жылдары жана 2014-2016-жылдары өкмөттү жетектеген.

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин азыр Эрмек Сагимбаев башкарып жатат.

Суюлтулган газдын кескин өсүп кетишине байланыштуу тынчтык митингдери алгач 2-январда башталып, кийин өлкөнүн башка аймактарына тез эле жайылып кетти. Кийин ал башаламандыктар жана талап-тоноолор менен коштолду. Эң негизги тополоң Алматы шаарында катталды.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 10-январда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) онлайн сессиясында ондогон адамдын өмүрүн алган куралдуу башаламандыкты "мамлекеттик төңкөрүш аракети" деп баалаган. Тополоңдорго чет өлкөлүк жарандар катышканын билдирип, аларды "террорчулар" деп атаган.

Казак президенти тынч акцияга чогулгандардын талаптары аткарылганын айтып, тынч митингдерди андан кийин башталган ызы-чууларга аралаштырбоого чакырган. Ага чейин акцияга чыккандар өздөрүн “террорчу” деп атоого каршылык билдирип, алар “жөн гана кымбатчылыкка жана башка нерселерге каршы нааразылыкка чыкканын” айтышкан.

Азырынча башаламандыктарда канча киши мерт болгону беймаалым. Бийлик буга чейин күч түзүмдөрүнүн 18 кызматкери каза болгонун жарыялаган. Казак өкмөтү 164 киши каза тапканын билдирип, бирок көп өтпөй аны "техникалык ката" деген негизде төгүндөгөн.

Акыркы маалыматтарга ылайык, тополоңго байланыштуу кармалгандардын саны 10 миңге чамалады. (ErN)

XS
SM
MD
LG