Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:07

Токаев тополоңдон кийин биринчи жолу Алматыга барды


Касым-Жомарт Токаев.
Касым-Жомарт Токаев.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 12-январда соңку нааразылыктарда эң чоң башаламандыктар болгон Алматы шаарына барды.

Токаевдин басма сөз катчысы Берик Уали кабарлагандай, президент анда Алматы шаарынын ыкчам-тактикалык тобунун отурумуна катышты. Каза болгон күч кызматкерлеринин жакындары менен жолукту.

Касым-Жомарт Токаев жыйында Алматы “террорчулардан толук тазаланганын” айтып, Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун аскерлери 13-январдан баштап чыгарыла баштай турганын кайталады. Мындай билдирүүнү ал 11-январда жарыялаган.

Казакстанда өткөн аптада газдын баасынан улам тутанган нааразылык тополоң, башаламандык менен коштолгон. Эң чоң баш каршылыктар жана жоготуулар Алматы шаарында болду.

Ага ылайык, өлкөдө антитеррордук операциялар башталгандан бери 400дөн ашык сотко чейинки иликтөө жүрүп жатат. Адам өлтүрүү, бийлик өкүлдөрүнө зомбулук көрсөтүү, мамлекеттик органдардын имаратына чабуул жасоо фактыларына байланыштуу 388 кылмыш иши козголду.

Токаев 10-январда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) онлайн сессиясында ондогон адамдын өмүрүн алган куралдуу башаламандыкты "мамлекеттик төңкөрүш аракети" деп сыпаттаган. Тополоңдорго чет өлкөлүк жарандар катышканын билдирип, аларды "террорчулар" деп атаган.

Казак президенти тынч акцияга чогулгандардын талаптары аткарылганын айтып, тынч митингдерди андан кийин башталган ызы-чууларга аралаштырбоого чакырган. Ага чейин акцияга чыккандар аларды “террорчу” деп атоого каршы экендиктерин, алар жөн гана кымбатчылыкка жана башка нерселерге нааразы болуп наааразылыкка чыкканын” айтышкан.

Азырынча башаламандыктарда канча киши мерт болгону беймаалым. Бийлик буга чейин күч түзүмдөрүнүн 18 кызматкери каза болгонун жарыялаган. Казак өкмөтү 164 киши каза тапканын билдирип, бирок көп өтпөй аны "техникалык ката" деген негизде төгүндөгөн.

XS
SM
MD
LG