Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:25

Армения Азербайжан менен чек арадагы кагылышта үч аскери каза болгонун билдирди


Азербайжан менен чек арадагы армян аскерлери.
Азербайжан менен чек арадагы армян аскерлери.

Армениянын Коргоо министрлиги Азербайжан менен чек арасындагы катуу кагылыштан кийин дагы бир аскеринин сөөгүн тапканын 12-январда маалымдады. Мекеме күн мурун эки аскери каза болгонун билдирген.

Азербайжандын расмий бийлиги кармашта бир аскери окко учканын кабарлаган.

Армениянын Коргоо министрлиги кагылыш үчүн азербайжандык күчтөрдү айыптап, алар 11-январда Армениянын Гегаркуник облусунун Верин Шоржа районунда ок чыгарганын айткан. Ереван азери күчтөрү чек араларды артиллерия менен аткылаганын жана учкучсуз учактарды колдонгонун билдирген.

Баку артиллерияны жана учкучсуз учактарды колдонгонун төгүндөп, алардын күчтөрү “каршы тараптын чагымына гана жооп берди” деп маалымдаган.

Армения менен Азербайжан 2020-жылы Тоолуу Карабак аймагын талашып катуу кагылышкан. Анда Армения тараптан 4 миңдей, Азербайжан тараптан 3 миңдей адам каза болгон. Тараптардын тиреши Орусиянын арачылыгы менен токтогон.

XS
SM
MD
LG