Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:04

COVID-19га каршы үчүнчү вакцинаны алуунун аралыгы кыскартылды


COVID-19 вирусуна каршы эмдөө, иллюстрациялык сүрөт.
COVID-19 вирусуна каршы эмдөө, иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы бустердик (вакцинанын 3-дозасы) дозаны алуунун аралыгы төрт айга кыскартылды. Мурда бул аралык алты ай деп белгиленген. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

COVID-19га каршы бустердик доза менен үч миңден ашуун адам эмделди. Үчүнчү доза менен эмдөө 2021-жылдын 20-декабрында башталган.

Вируска каршы эмделгендердин жалпы саны 2,5 миллиондон ашты. Министрлик жашы 60тан өткөн адамдарды бустердик дозаны алууга чакырууда.

12-январда Кыргызстанда коронавирус жуктургандар акыркы беш айдагы рекорддук чекке жетип, 465 адамдан аныкталды, эки киши каза болду.
Өлкөдө вирустун "омикрон" деп аталган жаңы штаммы табылганы кабарланды. Бул штамм менен ооруган эки адам азыркы тапта Бишкектеги жугуштуу оорулардын клиникасында дарыланууда. (BCh)

XS
SM
MD
LG