Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:27

Жогорку Кеңеште сегиз комитет түзүлүп, үч вице-спикер шайланат


Жогорку Кеңеште комитеттердин саны, аталышы жана төраганын орун басарларынын санына байланыштуу талаш-талкуу жаралды.
Жогорку Кеңеште комитеттердин саны, аталышы жана төраганын орун басарларынын санына байланыштуу талаш-талкуу жаралды.

Жогорку Кеңеште 12-январдагы жыйынында түзүмү тууралуу маселе каралып, сегиз тармактык комитет түзүү, вице-спикерлердин санын үчкө жеткирүү тууралуу жумушчу топтун сунушу колдоо тапты.

Жыйында комитеттердин саны, аталышы жана төраганын орун басарларынын санына байланыштуу талаш-талкуу болду.

Буга чейинки чакырылышта эки вице-спикер, жети тармактык комитет болгон.

Парламенттин VII чакырылышынын депутаттары 29-декабрда ант берген. Анда бир мандаттуу 36 округдан 34 депутат, партиялык тизме менен 54 эл өкүлү шайланып келди. Бишкек шаарынын бир мандаттуу Биринчи май жана Свердлов округдарында 27-февралында кайра шайлоо өтөт.

28-ноябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоодо алты партия 5% босого чектен өткөн. Алар – “Ата-Журт Кыргызстан”, “Ишеним”, “Ынтымак”, “Альянс”, “Бүтүн Кыргызстан” жана “Ыйман Нуру” партиялары. Парламентке мурдагыдай 120 эмес, 90 депутат болду.

XS
SM
MD
LG