Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:39

Бишкектик тургун лифтке кыпчылып каза болду


ӨКМ тараткан сүрөт.
ӨКМ тараткан сүрөт.

Бишкек шаарынын Октябрь районундагы Улан–1 кичи районундагы жайгашкан көп кабаттуу үйдүн жашоочусу лифтке кыпчылып каза болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 38 жаштагы киши коляскадагы баласы менен кирип жаткан учурда, лифт иштеп кетип кыпчып калган. Коляскадагы ымыркай жабыркаган эмес.

Аталган үйдүн лифттин кайсы мекеме тейлери жөнүндө маалымат айтылган жок. Адистер шаардагы көпчүлүк эски үйлөрдөгү лифттердин эскилиги жетип, кооптуу болуп калганын айтып келишет.

Кыргызстанда лифттен кырсыктап каза болгон учурлар буга чейин дагы болгон. 2015-жылы Бишкектеги «Айчүрөк» соода борборунда лифт оңдоп жатып бир киши каза болгон. 2018-жылы Бишкек шаарынын Айтматов проспекти жана Масалиев көчөсүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу үйлөрдүн лифтин оңдоп жаткан эки адам кулап кетип, бирөө каза тапкан.(TSh)

XS
SM
MD
LG