Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:27

Президенттик администрациянын тогуз кызматкеринен коронавирус аныкталды


Бишкектеги ооруканалардын бири. "Кызыл зона". Ноябрь, 2021-жыл.
Бишкектеги ооруканалардын бири. "Кызыл зона". Ноябрь, 2021-жыл.

Кыргызстандын президентинин администрациясында иштегендердин арасында коронавирус жуктургандар катталды.

Бул тууралуу "Азаттыкка" өкмөттөгү булактар кабарлады.

10-январда Президенттин иш башкармалыгы, УКМКнын мамлекеттик күзөт кызматы, президенттик аппараттын 602 кызматкери экспресс-тест тапшырып, тогуз кишиден вирус табылган.

Алардан ПЧР-тест алынды. Анын жыйынтыгы чыккыча бул кызматкерлер аралыктан иштейт. Өкмөткө караштуу бардык борбордук иш башкармалыктарда коронавируска карата жапырт текшерүү иштери жүрө турганы кабарланды.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 10-январга карата вирус жалпы 198 кишиге жукту, бир адам каза болду. Ооругандардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаары менен Чүй облусунда катталууда.

Дүйнөдө коронавирусту 300 миллиондон көп адам жуктуруп, 5,5 миллиондон ашуун киши көз жумду. (BCh)

XS
SM
MD
LG