Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:34

ДССУ “омикрон” штаммынын жаңы толкуну тууралуу эскертти


Коронавирустун “омикрон” штаммынын көрүнүшү.
Коронавирустун “омикрон” штаммынын көрүнүшү.

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюму (ДССУ) коронавирустун “омикрон” штаммы “дельта” штаммына караганда азыраак оору козгой турганын маалымдап, бирок аны “жеңилдердин” категориясында карабаш керектигин эскертти.

Уюмдун клиникалык бөлүмүнүн жетекчиси Жанет Диас 6-январда Женевадагы брифингде кабарлагандай, изилдөөлөр “омикрон” вариантынын ооруканаларга күч келтирүү тобокелчилиги азайып жатканын көрсөтөт.

“Бирок ошол эле маалда “омикрондун” бейтаптардын абалын оорлоштуруп, өлүмгө да алып келет”,-деп кошумчалайт ДССУнун жетекчиси Тедрос Адханом Гебрейсус. Ал аталган инфекцияны жуктургандар көбөйүп жатканын белгилеп, дагы жаңы толкуну болушу мүмкүндүгүн эскертти.

Саламаттык сактоо уюму акыркы аптада дүйнөдө 9,5 млн. жаңы учур катталганын, бул мурунку аптага салыштырмалуу 71%га көп экенин маалымдады. Уюм ошол эле маалда “омикрон” коронавирустун акыркы түрү дегенге болбойт дейт.

Ушул күнгө чейин коронавирустун "альфа", "бета", "гамма", "дельта" жана "омикрон" штаммдары белгилүү болгон. Соңку кезде "омикрон" кескин түрдө жайылып жатат. (ErN)

XS
SM
MD
LG