Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:30

БУУ Казакстандагы окуялар боюнча билдирүү жасады


Стефан Дужарик.
Стефан Дужарик.

Бириккен Улуттар Уюму Казакстандагы кырдаалга тынчсыздануу менен көз салып жатат. Бул тууралуу Нью-Йорктогу брифингде уюмдун маалымат катчысы Стефан Дужарик билдирди.

"Албетте, биз Казакстандагы окуялардын өнүгүшүнө тынчсыздануу менен көз салып жатабыз. Окуяларга кириптер болгон баардык тараптар сабырдуу болуп, зордук-зомбулукка жол бербей, маселелерди сүйлөшүү аркылуу чечүүсү маанилүү деп эсептейм",-деди Дужарик.

Буга чейин АКШ дагы Казакстандын бийлигин сабырдуулукка чакырып, нааразылыкка чыккандарды өз талаптарын тынч жол менен билдирүүгө үндөгөн.

6-январга караган түнү өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Касым-Жомарт Токаев "мамлекетке бүлүк салган террордук топтор чет жактан катуу даярдыктан өтүп келишкенин жана Казакстанга кол салууну агрессия актысы катары кароо керек экенин" билдирди.

Казак лидери ошондой эле Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун лидерлеринен жардам сураган.

Көп өтпөй Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна төрагалык кылган Армениянын премьер-министри Никол Пашинян уюмдун бейпилдик күчтөрү чектелген убакытка Казакстанга жөнөтүлөрүн "Фейсбук" аркылуу жарыялады.

XS
SM
MD
LG