Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:26

Пашинян: ЖККУнун бейпилдик күчтөрү Казакстанга жөнөтүлөт


Армениянын премьер-министри Никол Пашинян.
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян.

Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун бейпилдик күчтөрү чектелген убакытка Казакстанга жөнөтүлөт. Бул тууралуу уюмга төрагалык кылган Армениянын премьер-министри Никол Пашинян 6-январда "Фейсбук" аркылуу жарыялады. Ал мындай чечим "Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин кайрылуусуна, Казакстандын улуттук коопсуздугу менен суверендүүлүгүнө туулуп жаткан коркунучка жана сырттан кийлигишүүлөргө" байланыштуу кабыл алынганын билдирди.

"Жамааттык коопсуздук боюнча келишимдин 4-беренесине ылайык, ЖККУнун жамааттык коопсуздук кеңеши Казакстанга өлкөдөгү кырдаалды турукташтыруу максатында ЖККУнун жамааттык бейпилдик күчтөрүн жөнөтүү тууралуу чечим кабыл алды", - деп жазды Пашинян.

Бирок Пашинян бейпилдик күчтөрү так канча убакытка, качан Казакстанга жөнөтүлөрүн тактаган жок. ЖККУнун Кыргызстан сыяктуу башка мүчөлөрү азырынча расмий маалымат бере элек.

Анын алдында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, өлкөдө тартипти камсыз кылуу үчүн Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун лидерлеринен жардам сураган. Ал өлкөдө болуп жаткан окуяларды "сырткы агрессия" деп атап, аларды "чет жакта олуттуу даярдыктан өткөн топтор" уюштуруп жатканын билдирген. Токаевдин мындай кайрылуусу социалдык тармактарга кескин сынга кабылып жатат.

2-январда Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингчилерди колдогон акциялар бир нече күндөн бери Казакстандын ондон ашык шаарында уланып жатат. Бул акцияларда социалдык талаптардан тышкары Назарбаевди кызматтан кетүү үндөгөн “Чал, кет!” деген сыяктуу чакырыктар айтылды.

5-январда демонстранттар Алматы шаарындагы мэриянын имаратына кирип барышканы белгилүү болду. Алматыда "антитеррордук операция" жүрүп жатканы кабарланууда.

Буга чейин Казакстандын мурдагы премьер-министри Акежан Кажегелдин сыяктуу бозгундагы бир катар казак саясатчылары президент Токаев көчөгө чыккан эл менен сүйлөшүүсү керек экенин айтышкан.

XS
SM
MD
LG