Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:16

Алматыда нааразылык акциясына чыккан 150дөй адам кармалды


Казакстандын Алматы шаарында митингге чыккандар. 4-январь, 2021-жыл.
Казакстандын Алматы шаарында митингге чыккандар. 4-январь, 2021-жыл.

Полиция Алматы шаарынын ар кайсы бөлүгүндө нааразылыкка чыккан адамдарды кармоону улантууда. 4-январда Демократиялык партия куруу жөнүндөгү демилгечил топтун чакырыгы менен жыйналган 100дөй адамды жана “Ойгон, Казакстан!” тобунун үндөөсү менен келген 50дөй адам кармалды.

Бул күнү “Алматы Арена” аянтчасына биринчи топтун жетекчиси Жанболат Мамай баштаган миңге жакын адам жыйналган болчу. Чогулгандар бийликти сынга алып, элдин жашоо-шартын оңдоону талап кылышкан. Алар Маңгыстау жана Жаңы-Өзөн аймагында чогулгандарга колдоосун билдиришкен. Полиция чогулгандарга бир аз байкоо салып тургандан кийин аларды кармап, күч менен автоунааларга сала башташкан.

Экинчи топ биринчи президенттин атындагы паркы тараптан жүрүшкө чыгып, Жаңы-Өзөн жана Актаудагы нааразылыктарды колдой турганын билдирип чыгышкан. Аларды да полиция колун кайрып, жерге басып, кармап кеткен. Кармалгандар Алматынын Ауэзов жана Бостандык райондук полиция бөлүмдөрүндө жеткирилгени маалымдалды.

Жаңы-Өзөн, Актау баштаган бир нече шаарларында газдын кымбатташына каршы акция 2-январдан бери уланууда. Акциянын катышуучулары акыркы эки күндөн бери өкмөттүн отставкасын жана башка саясий талаптарды айтып жатышат. 4-январда митингдер Актөбө, Караганды, Атырау жана башка шаарларда да уланды. (ErN)

XS
SM
MD
LG