Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:55

Казакстан: Жаңы-Өзөндөгү акцияны колдоп чыккандар кармалууда


Жаңы-Өзөндүн жүздөгөн тургундары суюлтулган газдын кымбатташына нааразылык билдирип, акимчиликтин алдында турушат. 2-январь, 2022-жыл.
Жаңы-Өзөндүн жүздөгөн тургундары суюлтулган газдын кымбатташына нааразылык билдирип, акимчиликтин алдында турушат. 2-январь, 2022-жыл.

Нур-Султандагы Кенесарынын эстелигине Жаңы-Өзөндөгү демонстранттарды колдоо үчүн келген үч адамды полиция кармап кетти. Күч түзүмдөрү окуя болгон жерди видеого тартууга уруксат бербей, “Азаттыктын” журналистинин иштөөсүнө тоскоолдук кылганы кабарланды.

Борбор калаа тургундары баанын көтөрүлүшүнө терс көз карашын айтып, нааразылык акциясына чыгышкан.

Полиция адегенде сүйлөгөндөрдү угуп, андан соң окуя болгон жерге атайын даярдыктагы күчтөрдү чакырды. Митингчилер жакын жерде токтоп турган автобустарга күчтөп салынды.

Социалдык тармактарда тараган видеого караганда, борбор калаанын акимчилигине жакын жерде да кармалгандар болду. Андагылар дагы баанын көтөрүлүшүнө каршы чыгышты. Полиция жана жарандык кийимчен айрым бир адамдар митингчилердин жанына келип, «жыйналыш мыйзамсыз экенин» айтып, кийинчерээк алардын баарын күч менен автобуска салып, алып кетишкени белгилүү болду.

Алматыда бийлик митигчилер чыгышы мүмкүн делген Республика жана Астана аянттарына өтө турган жолдорду жаап, полициячыларды жайгаштырды.

Коомдук транспортко баруу үчүн жолго чыгууга болбойт. Кордондун ичинде жана аталган эки аянттын тегерегине полициянын унаалары жана автобустары токтоп турат. Аянт эмне үчүн тосулуп, тартип сакчылары эмнеге көп экени тууралуу “Азаттыктын” суроосуна аянтта турган кызматкерлердин бири “Митингге байланыштуу” деп кыска гана жооп берди.

Кечээтен бери социалдык түйүндөрдө ар кандай саясий топтордун активисттери шаардыктарды Алматынын борбордук аянтына чогулуп, Жаңы-Өзөндөгү газдын кымбатташына каршы митингди колдоого үндөшүүдө.

Чымкент шаарындагы Ал-Фараби проспектисинде да, Кызгалдак фонтанында да коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

Жаңы-Өзөн шаарында жана Мангыстау облусунун бир катар айылдарында 2-январдан бери жүздөгөн тургундар суюлтулган газдын кымбатташына каршы акция өткөрүп жатышат. Күйүүчү майдын кымбатташын бийлик "рыноктогу кырдаал жана өсүп жаткан суроо-талап" деп түшүндүрүүдө.

Энергетика министрлиги өлкөдө суюлтулган газды керектөө жыл сайын өсүп жатканын, ал эми өндүрүш көлөмү мурунку жылдардагы деңгээлде сакталып калганын, бааны арзандатуу мүмкүн эместигин билдирди.

XS
SM
MD
LG