Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:06

Шаирбек Ташиев агасынын таасирин колдонбой турганын айтты (видео)


Шаирбек Ташиев.
Шаирбек Ташиев.

Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиев парламенттеги ишинде Улуттук коопсуздук комитетин (УКМК) жетектеген агасы Камчыбек Ташиевдин таасирин колдонбой турганын билдирди. Бул тууралуу ал "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип жатып айтты.

"Бизде андай таасир болбойт. Мындан ары элге кызмат кылабыз. Башка бирөөдөн сабак дагы албайбыз, жолун дагы баспайбыз", - деди Ташиев.

Шаирбек Ташиев УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин бир тууган иниси. Ал 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо №14 Жалал-Абад округанан депутат болуп шайланып келди.

Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттары 29-декабрда ант берди. Жаңы парламенттин отурумун шайланып келген эл өкүлдөрүнүн эң улуусу, "Ынтымак" партиясынан депутат Шарапаткан Мажитова ачты.

Парламентке бир мандаттуу 36 округдан 34 депутат, партиялык тизме менен 54 эл өкүлү шайланды. Бишкектеги бир мандаттуу Биринчи май жана Свердлов округдарында 2022-жылдын 27-февралына кайра шайлоо дайындалган.

28-ноябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоодо алты партия 5% босого чектен өткөн. Алар – “Ата-Журт Кыргызстан”, “Ишеним”, “Ынтымак”, “Альянс”, “Бүтүн Кыргызстан” жана “Ыйман Нуру” партиялары. Парламентте мурдагыдай 120 эмес, 90 депутат болот. (МТа)

XS
SM
MD
LG