Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:08

Amnesty International "Мемориал" уюмунун жабылышын айыптады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Эл аралык Amnesty International укук коргоо уюму Орусиядагы "Эл аралык Мемориал" тарыхый-агартуу коомун жабуу чечимин айыптап, бул кадамды ГУЛАГ курмандыктарынын элесине акаарат катары баалады.

Эл аралык уюмдун Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча директору Мари Стразерс "Мемориал" Иосиф Сталиндин жана башка советтик лидерлердин бийлиги тушунда жасалган мыкаачылыктарды жана саясий репрессияларды документтештирүү үчүн талыкпай иштеген кадыр-барктуу укук коргоочу уюм экенин айтты.

"Мемориалдын" жабылышы сөз эркиндигине жана биримдиктердин укугуна түздөн-түз кол салуу болуп саналат", - деди Стразерс.

Орусиянын Жогорку соту 28-декабрда Башкы прокуратуранын “чет өлкөлүк агенттер” тизмесине киргизилген уюмду жоюу арызын карап, адам укуктарын коргогон “Мемориал” уюмун жабуу тууралуу чечим чыгарган. Мамлекеттик айыптоо “Мемориал” агенттер тууралуу мыйзамды бир нече жолу бузган, атап айтканда, материалдарына тиешелүү маркирлөө койгон эмес, өлкө Конституциясына көлөкө түшүргөн деп эсептейт.

Укук коргоочулар саясий репрессияларды изилдөө, адам укуктарын коргоо менен алектенген уюмду жоюуга мыйзамдуу негиз жоктугун айтып, Башкы прокуратуранын арызын саясий чечим катары сыпаттап жатышат. Орусиялык жана чет өлкөлүк жүздөгөн маданият ишмерлери, Нобел сыйлыгынын лауреаттары, журналисттер президент Владимир Путинге кайрылып, уюмду куугунтуктоону токтотууга үндөшкөн.

1980-жылдардын аягында түзүлгөн укук коргоочу уюм “чет өлкөлүк агенттер" тизмесине 2014-жылы киргизилген.

XS
SM
MD
LG