Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:32

Сыдыков: Ишкерди коркуткан демилгелерди көрүүдөбүз


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Пандемиядан улам экономикалык кризисти баштан кечирип жаткан ишкерлер кийинки кезде экономикалык реформаларга байланыштуу абал оорлошуп баратканын айтууда.

Бүгүнкү кырдаал тууралуу эл аралык ишкер кеңешинин жетекчиси Аскар Сыдыков менен маектештик.

Аскар Сыдыков: - Өзүңүздөр жакшы билесиздер, пандемия башталгандан бери элдин акчасы азайып, чөнтөгү жукарды. Чек аралар жабылып, рейддер жокко чыгарылгандан кийин көптөгөн ишкерлер чыгым тартты.

Андан кийин былтыр октябрдагы саясий окуялар башталып кетти, бир нече шайлоо болуп өттү.

Жалпысынан өкмөттө туруктуулук болгон жок. Бир нече жолу премьер-министрлер, министрлер, агенттиктердин жетекчилери алмашты. Ошону менен бирге мамлекеттик саясат дагы улам алмашып турду.

Аскар Сыдыков
Аскар Сыдыков

Саясий кырдаал туруксуз жерде ишкердик дагы ийгиликтүү жүрбөйт. Себеби, ишкерлер оюн эрежелерин так, анык түшүнүп, ошого ылайык иштеши керек. Улам жаңы өкмөт, жаңы министрлер келген сайын көп чечимдерге, уруксат кагаздарга кол коюлбайт, алдыга жылбайт, жер тилкелери берилбейт же трансформация болбойт. Ушундай көп чечимдер калып калган. Ошондуктан, ишкерлер дагы деле чыгымдарга учурап, өлкөгө келем деген инвесторлор келбей, бул жерде болгон ишкерлердин айрымдары капиталдарын чыгарып, бизнестерин башка өлкөлөргө өткөрүп же токтотуп койду.

Жалпысынан туруксуздук болгондо капитал агып кете берет. Элдин сатып алуу жөндөмдүүлүгү көп деле өскөн жок. Баа өсүп жатат, бирок элдин капчыгы кеңейген жок, кирешелери өскөн жок. Дүйнөдө дээрлик бардык өлкөлөр пандемиядан кийин бутуна туруп, мурдагы көрсөткүчтөргө кайра кайтып жатса, биз ушул жылдын аягына карай араң 2,4% өстүк.

Былтыр биздин экономикабыз 8,6% түшкөн. Демек, биз 2019-жылдын көрсөткүчтөрүнө жетиш үчүн бул жылы жок дегенде 8,6% өсүү керек болчу. Азыр болсо өсүш 2,4% эле. Күйүүчү майлардын баасы өсүп жатат, суунун аздыгына байланыштуу фермерлер көп чыгымдарга учурады, чек аралардагы чектөөлөрдөн улам көптөгөн ишкерлер товарларын ала албай калышты. Ушунун баары ишкерликке терс таасир этти.

Ишкерлерге багыттала турган экономикалык реформалар жана чаралар жетишсиз болуп жатат. Тескерисинче, ишкерлерге коркунуч, тобокелдик жарата турган демилгелерди көп көрүп жатабыз.

- Бийликтин ушул жылы чыгарган чечимдери жана кабыл алган мыйзамдарынын чийкилиги тууралуу көп айтылууда. Бул боюнча сиздин оюңуз кандай?

- Биз дагы муну айтып келебиз. Бул Конституциялык реформадан, инвентаризациядан баштап кодекстерге чейинки иштер. Кылмыш-жаза, Жазык-процесстик жана Салык кодекстери көп ишкерлердин тынчсыздануусун жараткан. “Экономикада өзгөчө кырдаалды киргизүү” демилгеси да кызуу талкуу жаратты. Дагы жакшы, бул мыйзам президенттин каршы пикири менен парламентке кайра жиберилип, азыр жылбай турат. Бирок кабыл алынышы мүмкүн.

- Ошол коркунучтар, тобокелдиктер боюнча сиздердин кагып жаткан коңгурооңуздарга бийлик кандай реакция кылып жатат?

- Кээ бир учурда угушат. Негизи биздин өлкөбүздө мамлекеттик-жеке диалог жакшы. Бул биз сыймыктана турган нерсе. Министрге, өкмөт башчыга, керек болгондо президентке да добушубузду жеткире алабыз, кеңешүүчү аянтчаларыбыз бар. Бирок, айрым сунуштарыбыз өтсө, кээ бирлери өтпөй калат. Ошондуктан, дагы деле айтууга мажбур болуп жатабыз.

- Курч окуялардан, туруксуздуктан улам же бийликтин кабыл алган чукул, чийки чечимдерине байланыштуу инвестициянын келиши, ишкерлердин биздин өлкөгө кызыгуусу басаңдап калат деп атасыздар. Кийинки кездери өлкөбүзгө инвестициянын келиши, ишкерлердин кызыгуусу кандай болууда?

- Ишкерлердин кызыгуусу бар, бирок азайды. “Силердин саясатыңар белгисиз болуп атат, дагы кандай болот, улам-улам жаңы нерселер чыгып атат, ошондуктан күтө туралы” дегендер көп болууда. Себеби, аларга биринчиден, алдын ала айта тургандай абал болушу керек. Экинчиден, аларды түшүнө турган, адекваттуу министрликтердин жетекчилери керек.

- Баш мыйзам баш болуп кийинки кездери кабыл алынып жаткан кодекстер, мыйзамдар мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарын күчөтүп атат. Мындай кадамдар көбүнчө салык кызматы, фискалдык же текшерүүчү органдарга карата жасалууда. Бул ишкердикке кандай таасир берет?

- Бул, албетте, терс таасир этиши мүмкүн. Дүйнө жүзү боюнча өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө тескерисинче, мамлекеттин ролу азайып жатат. Мамлекеттин ыйгарым укуктары бизнеске кийлигишпейт же азыраак кийлигишет деген тренд бар. Бизде болсо күч структураларынын, текшерүүчү органдардын ыйгарым укуктары күчөгөн сайын ачык-айкындыкка эмес, коррупциялык тобокелдиктерге, басым-кысымга же ар кандай көмүскө карым-катышка алып барышы мүмкүн. Ошондуктан, биз либералдык реформаларды жасоону, мамлекеттин кийлигишүүсүн токтотууну көп айтып жатабыз. Мамлекет болгону коопсуздукту, сот системасын, каттоо, саламаттык сактоо, билим берүү, жол, энергетика өңдүү мамлекеттик кызматтарды камсыздап бериши керек. Анте албаса, башкаларга кийлигишпеши керек.

- Өкмөттүн жетекчилери кийинки кездери “коррупциялык схемалар бизнестин өзүндө да терең тамыр жайган” деп байма-бай айтып атышат. Бул боюнча сиз кандай дейсиз? Бизнестин өзүндө да ушундай жагдайлар барбы?

- Мамлекет менен элдин же мамлекет менен бизнестин макамы бирдей эмес. Мамлекетте эбегейсиз ыйгарым укуктары бар. Элде же бизнесте эч кандай ыйгарым укуктары жок, жөн гана укуктары бар. Ошондуктан, мамлекеттик органдарды мыйзам менен тизгиндеш керек. Бизнес менен элдин жүрүм-туруму мамлекетке көз каранды.

Мамлекет кандай эрежелерди койсо жана эрежелердин иштешин кандай камсыздап берсе, эл ошого жараша жашайт, бизнес дагы ошого жараша иштейт. Ошондуктан, аны бизнеске шылтаган туура эмес. Кандай кырдаал болсо, бизнес ошого ыңгайлашат. Жалпысынан алганда, катардагы кишилер менен катардагы бизнес пара берип же көмүскөдө иштегиси келбейт. Бирок, ушундай аргасыз кырдаал болсо, албетте ыңгайлашып иштей берет.

- Сиз өз сөзүңүздө Кыргызстандан бизнестин, капиталдын чыгып кетип жаткан тенденциясы тууралуу айтып кеттиңиз. Ушуну кандайдыр бир статистика же мисалдар менен бекемдей аласызбы?

- Акчасы, капиталы барлар чыгарып кетип жатат. Себеби, катардагы кишилер деле көбүрөөк айлык алыш үчүн Орусия, Казакстан же дагы башка өлкөлөргө барып иштегиси келет. Ошондуктан азыр кадр маселеси да олуттуу.

Тийиштүү кызматкерлер табылбай, ишкерлер кадрларын да жоготуп, капиталын чыгарып кетип атышат. Кайсы өлкөдө мамлекеттик институттарга ишеним болсо, ошончолук капитал кала берет, тескерисинче, ишеним жок болсо – агып кете берет. Азыр так статистика жанымда жок. Бирок анын баары Улуттук статистика комитетинин сайтында бар. Албетте, быйыл былтыркы жылга караганда түз инвестициянын келиши көбүрөөк, ал жакта өсүш бар. Бирок, былтыркы жылы пандемия жүрүп, кыйын жыл болгон да. Ошондуктан, быйылкы келген инвестицияны да, капиталдын агымын да 2019-жыл менен салыштырган туура болот.

XS
SM
MD
LG