Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:43

Аким: чек арада абал туруктуу, курулуш токтоду


Баткен районунун Көк-Таш айылында абал туруктуу экенин Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев 17-декабрда “Азаттык” радиосуна билдирди.

"Көк-Таш айылында абал туруктуу, топтошкондор жок, жергиликтүүлөргө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат", - деди ал

Чек ара кызматы 16-декабрда кыргыз-тажик чек ара аймагында ок атылганын кабарлаган. Кыргызстандын жарандары Баткен районунун Көчө-Бою аймагында курулуш иштерин жүргүзүп башташкан. Ал жерге Тажикстандын чек арачылары келип, курулушту токтотууну талап кылышкан. Кайым айтышуу чырга айланып, тажик күч кызматкерлери “Макаров” үлгүсүндөгү тапанчадан төрт жолу асманга ок чыгарышкан.

Акимдин айтымында, окуя катталгандан кийин эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, абалды чыңалтпоо боюнча жергиликтүүлөргө түшүндүрүү чаралары жүргөн. Чек арадагы чырга себеп болгон курулуш ишин Кыргызстандын жараны токтоткон.

Окуядан кийин дароо эле эки өлкөнүн жергиликтүү чек ара кызматынын өкүлдөрү жолуккан. Атайын кызмат кыргыз жарандары чек арага өтө жакын эмес, Көчө-Бою айылынын ичинде курулуш жүргүзгөнүн белгилеп, тажик тарап курал колдонгону туура эмес болгонун моюнга алганын билдирген. Тажикстандын Чек ара кызматынын өкүлү чырга жол берген аскерге чара колдонулаарын маалымдаган.

Кыргыз-тажик чек арасындагы такталбаган аймактардын айынан тез-тез жаңжал чыгып турат. Ушул жылдын 28-апрелинен 1-майына чейин уланган куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 киши курман болгон, анын экөө бала. 180ден ашуун киши жараат алган. Тажикстан тараптан 19 киши өлүп, 87 киши жарадар болгону расмий кабарланган. (JsA)

XS
SM
MD
LG