Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:48

Кара-Кечеде көмүр казуу бир жумага токтотулду


Кара-Кече кенинде кезек күткөн автоунаалар. 19-ноябрь, 2021-жыл.
Кара-Кече кенинде кезек күткөн автоунаалар. 19-ноябрь, 2021-жыл.

"Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасы Кара-Кече кенинде тазалоо иштери жүрүп жатканына байланыштуу 15-декабрдан 20-декабрга чейин көмүр казуу токтотулганын маалымдады. Бишкек жылуулук электр борборуна көмүр үзгүлтүксүз тартыла берет.

Кыргызстанда суук түшөрү менен энергетикалык каатчылык сезиле баштады. Өлкөдө электр энергиясы чоң таңкыстыкка учурап, күйүүчү-майлоочу майлардын баасы кескин көтөрүлдү. Ортомчулар менен талаш-тартыштан улам Кара-Кече кенинен көмүр алып келүүдө кыйынчылык жаралууда.

12-октябрда Министрлер кабинети үч айга көмүрдүн наркына мамлекеттик жөнгө салуу киргизген. Бирок баа көтөрүлө берген.

16-ноябрда президент Садыр Жапаровдун кийлигишүүсүнөн кийин Бишкекте 3000 сомдон көмүр сатуучу пункттар иштей баштады. Бирок аларга чоң кезек жаралып, бир кишиге ашып кетсе эки тонна гана сатылууда.

XS
SM
MD
LG