Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:55

Байсалов “омикрон” штаммы Кыргызстанга да келерин эскертти


Эдил Байсалов.
Эдил Байсалов.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов коронавирустун “омикрон” штаммы Кыргызстанга 2022-жылы келиши мүмкүн экенин билдирди.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Байсалов Кытайдын 1,5 млн. доза Sinopharm вакцинасын алуу иш-чарасында элди, өзгөчө улгайган жана өнөкөт оорулары бар жарандарды эмделүүгө чакырды.

“Биз келерки жылдын орто ченинде жаңы omicron штаммынын пайда болушун күтүүдөбүз. COVID-19 инфекциясы күчөшү ыктымал жана ага чейин жарандар эмдөөдөн өтүүгө үлгүрүшү керек. Өнөкөт оорулардын болушу эмдөөгө каршы көрсөткүч болуп саналбайт, тескерисинче, жарандардын бул категориясы тобокел топко кирет жана алар биринчи кезекте эмдөөдөн өтүшү керек”.

Байсалов Кытай мамлекетине гуманитардык жардам үчүн ыраазычылык билдирди.

Вирустун жаңы түрүнө байланыштуу 1-декабрдан тарта Кыргызстанга чек арадан кирген ар бир адамдан коронавирус жоктугун тастыктаган милдеттүү ПЧР-тест талап кылынат. Чет элдиктер да, кыргызстандыктар да вакцина алганына карабай, тесттен өтүүгө тийиш. "Омикрон" штаммы катталган өлкөлөрдүн жарандары Кыргызстанга киргизилбейт.

Өткөн айда алгач Түштүк Африкада табылган коронавирустун бул түрүнүн белгилери мурдагы штаммдарга салыштырмалуу жеңил өтөрү айтылган. Учурда илимпоздор "Омикрон" вакциналарды канчалык тоготоорун иликтеп жатышат. Коронавирустун жаңы түрү ондогон мамлекеттерде аныкталды. Ушул аптада андан каза болгон учур катталды.

Кыргызстанда пандемия башталган 2020-жылдын март айынан бери коронавирустан өлгөндөрдүн расмий эсеби 2 773кө жетти.

Ооруну жуктуруп алган 184 027 адам катталды. Анын 179 080и айыкты. (TSh)

XS
SM
MD
LG