Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:07

"Уйгур трибуналы" Шинжаңдагы кыянатчылыкты геноцидге теңеди


Шинжаңдагы адам укуктарынын одоно бузулушун караган көз карандысыз трибунал. 10-сентябрь, 2021-жыл.
Шинжаңдагы адам укуктарынын одоно бузулушун караган көз карандысыз трибунал. 10-сентябрь, 2021-жыл.

Шинжаңдагы адам укуктарынын одоно бузулушун иликтеген Лондондогу көз карандысыз бейрасмий комиссия кытай бийлиги уйгур, казак, кыргыз жана башка мусулман азчылыктарына каршы "геноцидге барган" деген бүтүм чыгарды. "Уйгур трибуналы" британ юристтеринен, окумуштуулардан жана ишкерлерден турат жана расмий Лондонго тиешеси жок.

9-декабрда жарык көргөн 63 беттен турган баяндамада "Уйгур трибуналы" адамдарды жапырт өлтүрүү тууралуу далилдер жок экенин билдирип, ошентсе да "Кытай бийлиги Шинжаңдагы мусулмандардын санын кыскартуу максатында төрөттү чектөө менен геноцидге барганын" баса белгилеген.

Трибуналдын төрагасы Жеффри Найс мындай бүтүм ондогон адамдардын окуяларын уккандан кийин чыгарылганын белгиледи.

"Жүз миңдеген, айрым маалыматтар боюнча миллиондон көп адамдарды кытай бийлиги негизсиз камап, адам чыдагыс кыйноого алып, болуп көрбөгөндөй мазактаган".

"Уйгур трибуналынын" чечими бир катар мамлекеттер Бээжинде эмдиги жылдын башында өтө турган кышкы Олимп оюндарына дипломатиялык бойкот жарыялап жаткан учурда чыкты.

Трибунал өз ишин сентябрь айында баштаган. Бул убакыт ичинде Шинжаңдагы лагерлерде камалып чыккан ондогон казактардын, уйгурлардын башынан өткөргөндөрүн, күбөлөрдүн жана окумуштуу-иликтөөчүлөрдүн окуяларын угууга жетишкен.

"Камактагыларды эч кандай себебин түшүндүрбөстөн кан тапшыртып, ар кандай медициналык сыноолорду өткөрүшкөн. Кош бойлуу аялдарды ай күнүнө жетип калса да аборт жасатууга мажбурлашкан. Аборт маалында балдар тирүү чыкса, аларды ошол жерден өлтүрүшкөн",-деди уйгур трибуналынын төрагасы Жеффри Найс.

Баяндамада Кытай лидери Си Цзинпинь жана Коммунистик партиянын жогорку даражалуу өкүлдөрү "Шинжаңдагы окуяларга түздөн-түз жоопкер" деп айтылат. Көз карандысыз комиссия ошондой эле камактагылардын көбү, эркек, аялга карабай "негизсиз кыйноолорго", "сексуалдык зордуктоого" кабылышкан деген бүтүмгө келди. Уйгур трибуналы - Дүйнөлүк уйгур конгрессинин өтүнүчү менен негизделген. Быйыл Кытай трибуналдын төрагасы Жеффри Найска жана башка британдыктарга санкция салды.

"Уйгур трибуналынын" чечими эч кандай юридикалык күчкө ээ эмес. Ошентсе да анын негиздөөчүлөрү комиссиянын бүтүмү эл аралык коомчулуктун көңүлүн бул маселеге бурууга жардам берет деп ниеттенет.

Ал эми баш кеңсеси Германияда жайгашкан Дүйнөлүк уйгур конгресси трибуналдын чечимин Шинжаңдагы уйгур, казак, кыргыз жана башка мусулман азчылыктарына болгон "чоң колдоо" катары баалады.

Кытай бийлиги "Уйгур трибуналынын" чечимин "таштандыга" салыштырды.

"Шинжаңдагы уйгурларга карата мамилени геноцидге теңеген чечим бул жөн гана макулатура. Муну адамзат тарыхындагы эң ири фальсификация десек болот",-деди Шинжаң-Уйгур автоном районунун администрациясынын маалымат катчысы Шу Жушиян.

Буга чейин АКШ бийлиги да Кытай бийлигинин Шинжаңдагы кыянатчылыгын геноцидге теңеген.

Мамлекеттик департаменттин маалыматына ылайык, бийлик аймактагы мусулман азчылыктарынын өкүлдөрүн күчтөп камап, кыйноого алып, алардын санын кыскартуу максатында аялдарга стерилизиция жасап, эне болуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраткан.

XS
SM
MD
LG