Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:46

Казакстанда мунапыс мыйзамы күчүнө кирди


7-декабрда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев “Казакстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө” мыйзамга кол койгонун расмий басма сөз кызматы кабарлады.

Бул мыйзамда анча оор эмес жана орточо оор кылмыштар үчүн жазасын өтөп жаткан соттолгондорду мөөнөтүнөн мурда бошотуу, айрым оор жана өзгөчө оор кылмыштар үчүн жаза өтөө мөөнөтүн кыскартуу каралган.

Жергиликтүү агенттиктердин маалыматы боюнча, өзгөчө көңүл жарандардын социалдык жактан аялуу категорияларына: ардагерлерге, жашы жете электерге, улгайгандарга, биринчи жана экинчи топтогу майыптарга, жарандардын коопсуздугуна олуттуу коркунуч туудурбаган камактагы башка жарандарга колдонулат.

Ички иштер министри Ерлан Тургумбаевдин мурда келтирген алдын ала эсептөөлөрү боюнча, мунапыска 14 миңден ашуун адам илиниши мүмкүн. Миңге жакын адам абактан, 3,8 миң адам пробация кызматынын каттоосунан чыгарылат.

Жазанын калган мөөнөтүн кыскартуу 9 миң соттолуучуга карата колдонулушу күтүлүүдө. Мунапыс боюнча сотко чейинки өндүрүштөгү 5 миңге жакын кылмыш ишин кыскартуу пландалууда.

Учурда Казакстанда 64 түзөтүү колониясында жана 16 тергөө абагында 34 миңден ашык адам отурат.

Ички иштер министрлигинин статистикасына ылайык, соттолгондордун 93 пайызы оор жана өзгөчө оор кылмыштар үчүн жазасын өтөп жаткандар. Анын ичинен 45 пайызга жакыны мурда соттолгон. Мындан тышкары 32 миңден ашуун адам пробация кызматынын каттоосунда турат.

XS
SM
MD
LG