Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:52

Шайлоо-2021: Добуш эсептөө боюнча көз каранды эмес топтун жыйыны өтөт


БШК имараты.
БШК имараты.

Бүгүн 7-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) парламенттик шайлоодогу добуштардын аныктыгын текшерүү максатында түзүлгөн көз каранды эмес топтун жыйынын өткөрөт.

Анда автоматтык эсептөөчү урналардын маалыматын жана кол санактын эсебин текшерүү тууралуу сөз болот, талаш жараткан участоктор жана алардагы добуштарды кайра эсептөөнүн тартиби аныкталат.

28-ноябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо жаңы система боюнча өттү. Азыркы 120 мандаттын ордуна эми парламентте 90 гана болот. Бул 90 мандаттын 54үнө 21 партиядан 1004 талапкер, ал эми 36сына 282 талапкер ат салышты.

Шайлоонун жыйынтыгы 18-декабрга чейин жарыяланышы зарыл.

Добуш берүү күнү Боршайкомдун сайтындагы маалымат системасы үзгүлтүккө учурап, жаңылангандан кийин айрым партиялардын добушу азайып калган. Алар БШК алдында нааразылык акциясын өткөрүшкөн жана добуштар бурмаланганын айтып, кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылышкан. Боршайком бурмалоо болбогонун, техникалык гана ката кеткенин жана анын жалпы жыйынтыкка таасири жок экенин билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG