Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:37

Корумду-Балбай жолунун курулушу 2022-жылы башталат


Балыкчы-Корумду жолу. 2017-жыл.
Балыкчы-Корумду жолу. 2017-жыл.

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети Ысык-Көлдүн күнгөйүндөгү Корумду-Балбай жолун салууга Кувейт фондунан 29 млн. доллар насыя алуу боюнча келишимди ратификациядан өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоорун колдоду.

Корумду-Балбай жолунун жалпы узундугу 80 чакырым. Кыргыз өкмөтү жол салууга Ислам өнүктүрүү банкы, Мунай экспорттоочулардын эл аралык уюму (OPEC), Сауд өнүктүрүү фонду жана Кувейт фондунан насыя алып жатат. Мамлекеттик бюджеттен 12 млн. доллар бөлүнөт.

Транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев 6-декабрдагы комитет жыйынында Ысык-Көлдү айланта курулуучу жолдун Корумду-Балбай бөлүгүнүн курулушуна 110 млн. доллар кетерин билдирди. 80 чакырым жолдун жанында көлдү жээктеп 80 чакырым веложол салынат. Министр Корумду-Балбай жолунун курулушу 2022-жылы башталарын айтты.

Ысык-Көлдү айланма жолдун узундугу 440 чакырым. 2015-жылы Ысык-Көлдүн күнгөйүндөгү Балыкчы - Корумду жолун оңдоо башталган. Ал өлкө өз бюджетинен каржылап жаткан алгачкы ири долбоордун бири. 2020-жылы жолдун 70% бүткөн.

Ысык-Көлдүн тескейиндеги Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол жолунун курулушу 2021-жылдын августунда башталды. Анын жалпы узундугу 144 чакырым. Төрт тилкелүү, ортосуна тосмо коюла турган жол президент Садыр Жапаровдун демилгеси боюнча, “Кумтөрдүн” акчасына курулууда. Өкмөттүн басма сөз кызматы автожолдун алгачкы 25 чакырымын куруу боюнча иштер 90% бүткөрүлгөнүн билдирген. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы 14-ноябрда кабарлаган.

2021-жылдын ортосуна карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы (ички жана тышкы карыз) 416 млрд. сомдон (4 млрд. 921 млн. доллар) ашты. Мунун 85% тышкы, ал эми 15% ички карызга туура келет.

XS
SM
MD
LG