Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:53

Орусия америкалык дипломаттарды чыгармай болду


Американын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров. Стокгольм. 2-ноябрь, 2021-жыл.
Американын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров. Стокгольм. 2-ноябрь, 2021-жыл.

Орусия АКШ элчилигинин бир катар кызматкерлерине 31-январга чейин өлкөдөн чыгып кетүүнү буйруду. Бул кадам Вашингтон менен Москванын ортосундагы алаканын курчуганына байланыштуу кабыл алынып жатканы маалым болду.

Буга чейин Вашингтон кабыл алган эрежелерге ылайык, орусиялык дипломаттар үч жылга эле дайындалат. АКШ бул кадам орус дипломаттарын өлкөдөн чыгарууну билдирбейт деп жүйө келтирген.

Бул тема АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун Стокгольмдо өткөн жолугушуусунда да көтөрүлдү.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова 1-декабрда билдиргендей, Москвада үч жылдан бери АКШ элчилигинде иштеп келген кызматкерлер кийинки айдын соңуна чейин өлкөдөн чыгып кетиши абзел.

Буга чейин Орусиянын Вашингтондогу элчиси Анатолий Антонов 30-январга чейин 27 орус дипломаты, 30-июнга чейин калгандары Америкадан чыгып кетиши зарыл экенин билдирген. Антоновдун айтымында дипломаттардын визасын АКШ узартпай койгон.

Захарова Москванын чарасын "Американын өзүнө жараша жооп" деп мүнөздөдү.

Мамлекеттик департаменттин "Азаттык" радиосуна билдиргенине караганда, Москвага дипломаттар үч жылдык мөөнөткө гана дайындалары былтыр айтылган.

"Бул дипломаттарды чыгаруу дегенди түшүндүрбөйт. Орусия өкмөтү мурда эле кабардар болгон. Москва мөөнөтү аяктаган дипломаттардын ордуна башкаларын жиберсе болот", - деди Мамлекеттик департаменттин өкүлү.

Бул маселе Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин Стокгольмдогу жолугушуусунда да көтөрүлгөнү маалым болду.

Сүйлөшүүдөн кийин уюштурулган пресс-конференцияда сүйлөп жатып, Лавров Москва бул маселени чечүүгө ынтызар экенин кыйытты. Ал эки мамлекет элчиликтер туралуу талаш-тартышты токтотушу керек деген сунушун айтты.

Кремл бир нече аптадан бери Путин менен Байдендин ортосунда жолугушуу өткөрүү сунушун көтөрүп келет. Эки президент июнь айында Женевада жолугушкан. Бул тууралуу суроого жооп берип жатып, Блинкен "менимче, жакынкы убакытта президенттер бул тууралуу өздөрү түз жооп берет" деди.

Буга чейинки дипломатиялык талаш-тартыштар

Соңку жылдары Орусия менен АКШ бир нече жолу бири-биринин дипломаттарын чыгарып, миссияларын чектеген учурлар болгон.

Эки тараптын алакасы Орусиянын Украинага караштуу Крым жарым аралын аннексиялап алган 2014-жылдан бери курчуй баштаган. Андан соң Москванын АКШдагы шайлоого кийлигишүү аракетине, оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын камалышына, киберчабуулдарга байланыштуу Орусияга каршы санкциялар киргизилген.

Быйыл июлда АКШнын Орусиядагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрү кызматкерлеринин санын кыскартып, иммиграциялык эмес визаларды берүүнү чектеген. Буга Орусиянын жергиликтүү тургандарды ишке алууга тыюу салганы түрткү болгон.

Мындай чектөөдөн улам Владивосток жана Екатеринбургдагы консулдуктар жабылган. Учурда өлкө боюнча бир гана АКШнын Москвадагы элчилиги иштеп жатат.

Мамлекеттик департаменттин маалыматына караганда, азыр Орусияда аккредитациядан өткөн 120 дипломат бар, ал эми 2017-жылы алардын саны 1200дүн тегерегинде болчу.

Америкада аккредитициядан өткөн Орусиянын 400дөй дипломаты бар. Алардын ичине БУУнун миссиясындагылар да кирет.

XS
SM
MD
LG