Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:57

Бишкек мэриясы шаар Жаңы жылга жаңыча кооздоло турганын билдирди


Бишкек мэриясы борбор шаар Жаңы жылга жаңыча кооздоло турганын билдирди.

Жасалгаларга улуттук оймо-чиймелер, фейерверктерди жана карды бириктирген майрамдык символдор колдонулат. Аны дизайнер Нурбек Насыранбеков иштеп чыкканын мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Чыгымдар тууралуу маалымат бериле элек.

"Тазалык" ишканасы Ала-Тоо аянтына Жаңы жылдык балатыны орното баштады. Анын бийиктиги 25 метр болот.

Адатта Бишкекте майрамдык жасалга Жаңы жылга эки апта калганда аяктап, балатынын чырактары күйгүзүлөт.

XS
SM
MD
LG