Масадыков: Серверге эч ким кийлигише албайт
28-ноябрда шайлоонун алгачкы жыйынтыгы чыга баштаган кезде БШКнын добуштарды санаган автоматташтырылган системасы бир саамга иштебей калды. Ага чейинки жарыяланган эсепте 10 партия 5% чектен өткөнү көрсөтүлгөн. Системадагы маалыматтар жаңыланганда босого чектен өткөн партиялардын саны алтыга кыскарып, добуштардын саны да кыскарды. Бул жагдайды "Ата Мекен", "Азаттык", "Бүтүн Кыргызстан", "Улуттар биримдиги" өңдүү партиялар "көз боёмочулук" деп нааразылык билдиришти. БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова техникалык мүчүлүштүк орун алганын, Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков электрондук сервердин ишине кийлигишүү болбогонун айтты.
Чыгарылыштар
-
Март 11, 2025
Мотороллерге курбуларын салып, айылчылаган Күмүшай апа
-
Март 10, 2025
"Өзүмө гана таянам". Z-мууну эмне ойлойт?
-
Март 10, 2025
Орус армиясы Курскиде контрчабуулун күчөттү
-
Март 10, 2025
Сирия: Төрт күндүк кармашта миңдей киши набыт болду
-
Март 09, 2025
Сузак: Кооптуу аймакта жайгашкан үй ээлери кайда барат?