Кыргызстанда парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгын жарыялоодо БШКнын серверинин үзгүлтүккө учурашы күмөн жаратууда. Борбордук шайлоо комиссиясы бул көрүнүш адистин катасынан улам болгонун билдирип жатат. Системанын бузулуу себебин териштирип жатканы айтылган УКМК азырынча маалымат бере элек.
28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгын чыгаруудагы БШКнын сервериндеги үзгүлтүк өлкөдө саясий кризис жаратты. Шайлоо комиссиясынын автоматтык эсептөө системасынын иштебей калышы оппозициячыл партиялардын нааразылыгын жаратып, добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгаруу маселесин көтөрүштү. Дал ушундай талап менен 29-ноябрда бир нече партиянын өкүлдөрү БШКнын имаратынын алдында нааразылык акциясын өткөрдү. Алар шайлоонун жыйынтыгын чыгарууда бурмалоо болгон деп шек санап жатат.
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Маалыматтык шайлоо системасындагы мүчүлүштүк тууралуу 30-ноябрда тагыраак түшүндүрмө берди. Мекеменин маалыматына караганда, добуш берүү убактысы бүткөндөн кийин, кечки саат 20:00дөн соң участкалык комиссия бардык мүчөлөрүнүн жана байкоочулардын көзөмөлүндө автоматташтырылган эсептөөчү үкөктүн (АСУ) жыйынтыктоочу отчетун (чекти) басып чыгарат. Ошол эле АСУнун жыйынтыктоочу отчету басылып чыгары менен автоматтык түрдө дароо БШКда жайгашкан серверге жөнөтүлөт.
"Сервер болсо маалыматтарды автоматтык түрдө кызыл квадрат менен белгиленген, БШКнын Маалыматтык шайлоо системасынын сайтына жарыялайт. БШК адиси Маалыматтык шайлоо системасынын сайтына АСУдан алган маалыматтарды жарыялоодо санды жаңылышып эки жолу көбөйтүп алган (калькуляциялоодогу механикалык ката). Бир нече убакыттан кийин БШК адиси маалыматтарды визуалдаштыруудагы формуланы оңдогон. АСУда да (автоматташтырылган эсептөөчү үкөк) жана негизги системада да маалыматтар өзгөрүүсүз калат. Аталган системанын иши үзгүлтүккө учурабайт, жаңылбайт. Бүгүн да так иштеп жатат", - деп жазылган БШК тараткан маалыматта.
Боршайком үкөк (АСУ) менен серверге эч ким кире албай турганын, ал автоматташтырылган компьютердик система экенин билдирди.
Ага чейин БШКнын мүчөсү Кайрат Маматов "Азаттыктын" "Арай көз чарай" талкуусунда абалды Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана башка мамлекеттик органдардын IT адистери текшерип жатканын билдирген:
"Эмне себептен, кимдин күнөөсү менен болгонун текшерип жатышат", - деди Маматов.
Анын айтымында, мүчүлүштүк добуш берүү күнү күндүз саат 2де байкалып, шайлоодо добуш бергендердин пайыздык көрсөткүчү боюнча БШК журналисттерге берген маалымат менен сервердеги сандарда айырма чыккан.
Муну техникалык себепке байланыштырган Маматов адистер аны кечки саат 8ден кийин оңдогонун кошумчалады.
Президент Садыр Жапаров “Фейсбуктагы” расмий баракчасы аркылуу системадагы бузулууну Боршайкомдун майда-чүйдө катасы катары сыпаттады. Анын айтымында, бул жагдай парламентке өтпөй калган партиялардын ишенбөөчүлүгүн пайда кылды:
“БШКнын адистери кетирген ката серверге эч тиешеси жок экенин дагы бир жолу тактап чыкты. Сервер берген жыйынтыктар БШКнын адиси кетирген катага эч тиешеси жок. Акыркы жыйынтык кол менен санактар бүткөндөн кийин чыгат. Кол менен санакка активдүү катышкыла. Санактар бүткөндөн кийин бюллетендерди архив үчүн сактап коебуз. Кимдер кааласа, каалаган участокторун кайсы убакта болбосун ачып, санап алышса болот”.
Жапаров бийлик шайлоого да, Боршайкомдун ишине да кийлигишпегенин, БШК тараптан да добуштарды бурмалоо болбогонун жана бурмаланбай турганын билдирди.
“Ооба, БШКнын адисинин шалаакылыгынан мүчүлүштүк кетти. Бирок добуштарды саноонун жыйынтыгына эч кандай тиешеси жок. Күнөөлүүлөрдү жоопко тартабыз. Азыр УКМК териштирүү иштерин баштады. БШКнын ката кетирген адисинин айрым адамдар менен байланышы жокпу? Балким, “мен ушундай кылып силерге митингге чыкканга шылтоо жасап берем”, - деп, алдын ала кандайдыр бир күчтөр менен келишип алган эмеспи деген сыяктуу териштирүүлөр жүрүп жатат”, - деп жазды.
"Улуттар Биримдиги" партиясынан талапкер болгон журналист Турат Акимов автоматташтырылган системадагы эки ача маалыматтын чыкканы көптөгөн күмөн ойлорго негиз болгонун айтууда.
"Бул маселе жөнөкөй нерседен чыкты. Бир маалда эле шайлоо жыйынтыкталып жатканда өзүнөн өзү эле сервер өчүп калды. Ортодон добуштар жоголуп кетти. Ар кыл партиядан 25-30 пайыздай добуштар төмөндөп, жок болду. Дал ушул нерсе өтө чоң бүдөмүк ойлорду жаратты. Бийлик өзү түшүндүрүп бере албай жатат. 20дай өлкөдөн хакердик чабуул болду дейт, айрымдары андай болгон жок дейт, үчүнчүсү диверсия деп жатат. Жалпысынан өткөн шайлоонун жыйынтыгы ишенимге чоң доо кетирди".
Ал эми "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев электрондук эсептөөнүн алгачкы маалыматы үзгүлтүккө учурагандан башка бюллетендерди кол менен саноо учурунда тоскоолдуктар болгонун айтып, бийликти шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарууга чакырды:
"Шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, кайрадан жаңы шайлоо жарыялаш керек. Албетте, бул көп акча талап кылат. Бирок стабилдүүлүктү сакташ үчүн ал керек",- деп билдирди оппозиция лидери.
Нааразылык акциясына чогулгандардын алдына шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова баш болгон БШК мүчөлөрү чыкты.
Шайлдабекова БШКнын расмий сайтына чыккан техникалык ката үчүн кечирип сурап, бирок автоматтык эсептөө системасы так иштегенин билдирди. Ал БШКга нааразылык билдирип келгендердин алдында сүйлөп жатып, бул боюнча анык маалыматтар берилерин айтты.
"Эң биринчи расмий сайтка чыккан таблицанын катасы үчүн кечирим сурайм. Бирок автоматтык эсептөө системасы так иштейт, мен буга кепилдик берем. Азыркы учурда биздин система так иштеп жатат. Ошол эле кезде бул маалыматтар юридикалык күчкө ээ эмес, алдын ала маалыматтар деген мыйзамда норма бар. Бардык шайлоонун натыйжалары кол менен саноонун жыйынтыгы аркылуу чыгарылат. Биз саясий партиялардын өкүлдөрүн БШКга чакырабыз. Кечээ болгон себептер жөнүндө так, анык маалымат берүүгө даярбыз".
Нуржан Шайлдабекова учурда шайлоо тилкелеринен кол санактын протоколдору келип жатканын айтып, мыйзам бузуу фактылары болсо арыз менен кайрылууга чакырды.
Таза шайлоого так салган сервердин өчүшүнө эмне себеп болду?
Кыргызстанда 28-ноябрда парламенттик шайлоо өткөн. Добуш берүү соңуна чыккандан кийин Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) добуштарды санаган автоматташтырылган системасы иштебей калган. Айрым партиялар шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, эмне себептен БШКнын сервери 40 мүнөт иштебей турганы боюнча атайын иликтөө жүргүзүүнү талап кылып жатышат.
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова добуш берүү аяктагандан кийин БШКнын сайты эмне себептен үзгүлтүккө учураганын түшүндүрүп, БШКнын автоматташтырылган системасында ката кеткенин маалымдаган. Ал тышкы визуалдаштыруу таблицасындагы формула туура эмес көрсөтүлүп калганын айткан.
Буга президент Садыр Жапаров "Фейсбуктагы" посту аркылуу реакция кылды. Анда ал шайлоо жыйынтыгына нааразы болгон партияларга кайрылып, бюллетендерди кол менен санап чыгууга чакырган.
"Толук санап чыгып, ар бир нааразы болгон партиялар ынанмайынча, бюллетендер эч жакка жылбаш керек. Эгер чындап эле жасалма кылган болсо, БШКнын бардык мүчөлөрү жоопко тартылат. Керт баштары менен жооп беришет. Бийлик тараптан шайлоо процессине кийлигишпегендей эле БШКнын ишине дагы эч ким кийлигишкен жок. Ким кийлигишкен болсо, БШКнын мүчөлөрү ачык айткыла. Адамдан коркпогула. Кудайдан корккула!", - деди Жапаров.
Бирок андан бери БШК сервердин иштебей калышынын үзгүлтүккө учурашын так, даана түшүндүрбөй жатат.
29-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоо жыйынтыгы тууралуу маалымат жыйыны түштөн кийинкиге жылдырылды.
Ошол эле учурда бийлик өкүлдөрүнүн соңку мүчүлүштүктөр боюнча түшүндүрмөлөрү ача чыгууда.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов "Твиттердеги" баракчасына:
"Эртең менен Президенттик администрация кечээ шайлоонун жыйынтыгын чыгарган учурда эмне болгонун иликтеди. БШКнын автоматтык системасында эч кандай мүчүлүштүктөр болгон эмес. Бул жерде жарыялоо таблицасында ката бар. Бул баракчадагы формула туура эмес болгон", -деп жазган.
Шайлоону уюштуруу боюнча жумушчу топтун төрагасы, Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов шайлоо күнү БШКнын серверине ондогон хакердик чабуулдар болгонун билдирген эле.
Кыргызстанда былтыркы парламенттик шайлоодон соң нааразылык менен коштолуп, бийлик алмашкан. Аталган окуялардын шары менен бийликке келген Садыр Жапаров бул жолу дүйнө жүзү таң калтыргандай таза шайлоо уюштуруларына убада берген.
28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына ылайык, алты партия 5% чектен өтүп, шайлоодо утканы кабарланууда.
Байкоочулардын баасы
Жогорку Кеңешке шайлоого көз салган Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) байкоочулары 29-ноябрда маалымат жыйынын өткөрдү. Алар шайлоого элдин кызыгуусу жоголгону байкалганын билдиришти.
Бирок ага карабай бийлик шайлоочулардын добуш берүү укугун чектебөөгө тийиш экенин эскертишти.
Кыргызстандагы шайлоого байкоону Европа коопсуздук кызматташтык уюмунун (ЕККУ) адам укуктары жана демократиялык институттар бюросу жана Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясы биргелешип жүргүзгөн.
Жыйында Кыргызстандагы парламенттик шайлоо атаандаштыкта өткөнү, бирок добуш берүүгө эл солгун катышканы белгиленди. Буга шайлоонун шашылыш дайындалып, кыска убакытта өткөнү, парламенттин ролун алсыздандырган конституциялык өзгөртүүлөр себеп болгону айтылды.
Шайлоонун жаңы системасы менен таанышууга шайлоочуларга да, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө да кенен убакыт берилбегени белгиленди.
Байкоочулар жалпы 3,6 млн. шайлоочунун болгону 28% гана добуш бергенин шайлоого элдин кызыгуусу жоголгону менен байланыштырган.
"Бул шайлоо былтыркы президенттик башкарууга жана башка саясий өзгөрүүлөргө алып келген жокко чыгарылган шайлоодон кийинки процесс катары каралышы керек. Жаңы Конституция бийликтеги тең салмакты өзгөртүп, парламенттин алсызданышына алып келди. Кечээ добуш берүүнүн солгун болушу - коомчулукта мамлекеттик институттарга ишеним кете баштаганын көрсөтүп турат", - деди Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясынын делегация башчысы Марина Берлингьери.
Байкоочулар добуш берүү күнү тынч, жалпысынан мыйзам бузуусуз өткөнүн, бирок ошол эле учурда автоматтык үкөктөр иштебей калганын, айрым добушканалар ишине сырттан кийлигишүү учурлары катталганын айтышты.
Бир мандаттуу округдардан жеңишке жетишкен аял талапкерлер болбогонун, саясий партияларда аялдарга, улуттук азчылык өкүлдөрүнө, майыптыгы бар адамдарга бериле турган квотанын талаптары сакталарына кепилдик жоктугу айтылды.
Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер жогорку билимдүү болушу керек деген талап жарандардын укугун чектеп, эл аралык нормаларга туура келбей турганы айтылды.
Кыргызстандагы шайлоого ЕККУ аркылуу 41 өлкөдөн 344 байкоочу, анын ичинде 283 эксперт катталган. Ал эми кыска мөөнөткө шайлоого көз салууга 68 депутат жана кызматкерлер катышты.