Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:59

Ашхабадда Садыр Жапаров менен Гурбангулы Бердымухаммедов жолукту


Садыр Жапаров ушул жылдын июнь айында Түркмөнстанга расмий сапар менен барган.
Садыр Жапаров ушул жылдын июнь айында Түркмөнстанга расмий сапар менен барган.

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-ноябда Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарында Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) 15-саммитине катышат. Анын алдында түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен жолукту. Расмий маалыматка ылайык, анда эки тараптуу алака-катышты, буга чейин кол коюлган келишимдердин аткарылышы талкууланды.

Садыр Жапаровдун администрациясы ал ушул эле күнү Бишкекке кайтып келерин билдирген. Ашхабадга барган кыргыз делегациясынын курамында тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев, экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев, Кыргызстандын Экономикалык кызматташтык уюмундагы туруктуу өкүлү, Кыргызстандын Ирандагы элчиси Турдакун Сыдыков, Түркмөнстандагы элчи Талант Султанов бар.


Садыр Жапаров Түркмөнстанга ушул жылдын июнь айында расмий сапар менен барып, Бердымухамедов баштаган өлкө жетекчилери менен жолуккан. Анда тараптар биргелешкен бизнес-долбоорлорду колдоо үчүн уставдык капиталы 100 миллион долларды түзгөн кыргыз-түркмөн өнүктүрүү фондун түзүү, күз-кыш мезгилинде Кыргызстанга түркмөн газы менен электр энергиясын жеткирүү, Бишкек шаарында кыргыз-түркмөн соода үйүн жана Ысык-Көл облусуна ден соолук чыңдоочу комплекси менен беш жылдыздуу мейманкана курууну макулдашкан.

Андан сырткары экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты бекемдөөгө, өнүктүрүүгө, кеңейтүүгө жана шайкеш келтирүүгө багытталган 14 документке кол коюлган.

XS
SM
MD
LG