Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:22

Зеленский "мамлекеттик төңкөрүш боюнча" аудио жазуу бар экенин билдирди


Ринат Ахметов, украиналык ишкер.
Ринат Ахметов, украиналык ишкер.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын өкүлдөрү менен украиналык ишкер Ринат Ахметовго караштуу адамдар мамлекеттик төңкөрүш уюштурууну талкуулаган аудио жазуу бар экенин билдирди. Бул тууралуу Зеленский маалымат жыйынында айтты.

Зеленский аудио жазууну Ахметовду чалып жыгуу аракети деп эсептеп, анда ишкердин өзүнүн үнү жок экенин белгилейт.

"Мен 1-2-декабрда өлкөбүздө мамлекеттик төңкөрүш болот деген маалымат алдым. Биздин колубузда ыкчам чалгын маалыматтары гана эмес, Украина менен Орусиянын кайсыл бир өкүлдөрү Ринат Ахметовдун мамлекеттик төңкөрүшкө катышуусун талкуулап жатканы тууралуу аудио жазуу бар. Бул чалма, ишкерди Украинага каршы согушка аралаштыргысы келип жатышат. Элге каршы, эл шайлаган президентке, жана Украинага каршы согушуу жарабайт. Мен Ахметовду президенттик аппаратка чакырам. Аудио жазууну угууга болот", - деп билдирди президент Владимир Зеленский.

Ал ишкер Ахметов Украинага каршы чындап эле төңкөрүш даярдап жатканына ишенбей турганын айтты. Ошол эле маалда президент журналисттердин ыктымал төңкөрүштүн чоо-жайы боюнча суроолоруна жооп берүүдөн баш тартып, бул сүйлөшүүгө катышкандардын ысымдарын атаган жок.

Зеленский аны бийликтен кулатуу аракеттеринен коркпой турганын айтып, 2014-жылдагы массалык нааразылык акцияларынан кийин өлкөдөн качып кеткен Украинанын мурдагы президентин эстеп, “Мен Янукович эмесмин” деп билдирди.

Зеленскийдин айтымында, 1-2-декабрда Украинада мамлекеттик төңкөрүш уюштуруу ыктымалдыгы тыңшалган аудио жазуулар жакында эле анын карамагына келип түштү.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Орусиянын эч качан төңкөрүш жасоо планы болбогонун айтты. "Орусия эч качан мындай иштерди жасабайт" деди ал.

Зеленский жума күнү басма сөз жыйынын өткөрдү. Ал Орусиянын Украинага каршы агрессияга даярдыгы, "Вагнер” жеке аскердик компанияснын мүчөлөрүнө каршы атайын кызматтын үзгүлтүккө учураган операциясы жана ички саясий кырдаал боюнча суроолорго жооп берди.

XS
SM
MD
LG