Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:41

Дыйкандарга бөлүнгөн насыянын 97% башкалар алганы белгилүү болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин жыйынында Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) башчысы Камчыбек Ташиевге мамлекеттик банктардын дыйкандарга жеңилдетилген насыя бергенин текшерүү тапшырмасын берди.

Президент Эсеп палатасы атайын тапшырманын негизинде мамлекеттик банктарда ревизия, аудит жүргүзгөнүн, анын жыйынтыгы менен дыйкандарга бөлүнгөн насыянын 3% гана аларга жетип жатканы белгилүү болгонун билдирди.

“Дыйкандарга бөлүнгөн насыянын 3% гана жетет. Калган 97% бизнесмендер, депутаттар, министрлер, губернаторлор жана алардын туугандары алат экен. Ошол үчүн жерлер айдалбай, түшүм жок болуп, азык-түлүк боюнча кооптуу маселе жаралып турат”, - деди Жапаров.

Мамлекеттик резиденцияда президент Садыр Жапаровдун төрагалыгында Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүүдө.

Дыйкандарга жеңилдетилген насыя берүү 2011-жылдан башталган. Эки жыл бою “Фермерлерге жеткиликтүү насыялар” деп аталган долбоор, 2013-жылдан тарта "Айыл чарбаны каржылоо" (ФСХ) долбоору деп аталган.

Анын негизинде 2021-жылы дыйкан жана фермерлер үчүн мамлекеттик бюджеттен 6 млрд. сом бөлүнүп, долбоор менен иштеген беш банкка таратылган.

XS
SM
MD
LG