Вашингтон орус аскерлеринин украин чек арасына жакын аймактарга топтолуп жатышына тынчсыздануусун билдиргенден кийин Москва кескин жооп кайтарды. Ишембиде украин чалгын кызматы Орусия чек арага 92 миңден көп аскерин жайгаштырганын, жыл башында сокку урууга даярданып жатканын билдирген.
21-ноябрда Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Батыш жок жерден "чыңалууга" жем таштап жатканын билдирди. Мамлекеттик телеканал тартуулаган комментарийде Песков "өз куралдуу күчтөрүн океандын аркы жагынан алып келгендер бизди өз аймагыбыздагы аскердик аракеттер үчүн айыптап жатышат" деп айтты:
"НАТО биздин чек ара аймагында чагымчыл аракеттерин, инфраструктурасын биздин чек арага карай жылдырышын токтотууга тийиш. АКШ жана өнөктөштөрү чек арабызга жакын жерде аскерлерин топтоого чекит коюш керек. Албетте, НАТО өлкөлөрү Украинага шыкак берген заманбап курал-жарак менен камсыздоону токтотууга тийиш".
Буга чейин да Кремл украин аймагына чабуул коюуга даярдык көргөнүн танып, Украина менен АКШнын Кара деңиздеги аскердик машыгуусун агрессивдүү кадам деп сыпаттаган. Өткөн аптада президент Владимир Путин Тышкы иштер министрлигинин жыйынында сүйлөп, Батыш Орусиянын коопсуздугуна кепилдик бериши керек деп билдирди.
20-ноябрда АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Вашингтон жана Европа орус армиясынын украин чек ара аймагындагы кыймыл-аракеттерине, "Орусиянын күчөп жаткан реторикасына" "чындап камтама" болгонун билдирген:
"Орус президенти Путиндин чыныгы ниетинен кабарыбыз жок. Бирок өткөндөгү окуяларды жакшы билебиз. Орусия Украина же башка өлкө тараптан пайда болууда деп ойлоп тапкан провокацияга шылтоолоп, көздөгөн пландарын ишке ашырууга аркеттенгени белгилүү".
Өткөн ишемби, 20-ноябрда украин Коргоо министрлигинин чалгындоо башкармалыгынын жетекчиси Кирилл Буданов Military Times басылмасындагы интервьюсунда Орусия эмки жылдын январь-февраль айларында Украинага каршы активдүү согуштук аракеттерди башташы мүмкүн деп айтты.
Буданов ушу тапта Украина менен чек арага орусиялык 92 миңден ашуун аскер топтолгонун, кыш келип сууктун түшүшү менен чабуул тобокелдиги өсөрүн белгиледи.
Муну менен катар генерал орус куралдуу күчтөрүнүн бул жолку аракеттери 2014-жылкыга караганда масштабдуу болушу мүмкүн деп боолголойт.
Мындан 7 жыл мурун Орусия коңшу өлкөнүн Крым жарым аралын аннексиялап алып, Донбасстагы жикчилерге аскердик жардам көрсөткөнү байма-бай кабарланган. Москва чыгыш Украинадагы жикчилерди колдогонун танып келатат. Чөлкөмдөгү согуш ошондон бери 14 миңдей кишинин өмүрүн алды.
Будановдун айтымында, бул ирет орус армиясы абадан сокку уруп, Одесса жана Мариуполдо десанттык операциялар уюштурулуп, Беларус тараптан чопкутталган техника тартылышы ыктымал.
Буга чейин америкалык бир катар маалымат каражаттары Батыштагы чалгынчылардын жана расмий маалыматтарга таянып, Орусия Украинага кол салууну даярдап жатышы мүмкүн, Кремл соңку чечимди кабыл ала элек деп жазышкан.
Алсак, New York Times гезитинин жазганына караганда, америкалык жана британ чалгын кызматтары Владимир Путин аскердик операция жүргүзүү менен Украинанын ири аймагын басып алууну же ал өлкөдөгү кырдаалды туруксуздаштырууну, Киевге орусиячыл бийликти алып келүүнү көздөөдө деген ойго ыкташат. Европа орус жаратылыш газына көз каранды болгондуктан, Москва европалыктар ыктымал аскердик операцияга чечкиндүү жооп кайтарышпайт деп ишениши мүмкүн, - деп уланткан басылма.
АКШ бийлиги жана Евробиримдик украин-орус чек арасындагы акыркы өнүгүүлөргө бир нече жумадан бери тынчсыздануусун билдирип келатышат. Буга чейин расмий Киев кошуна өлкөнүн басып кирүү коркунучу өскөнүн четке каккан, бирок кийин украин өкүлдөрү да Москванын ыктымал аракеттери кабатырлануу жаратарын айта башташты.