Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:51

Нарындан шайлоого аттанган төрт талапкерге айыппул салынды


Нарындагы №33 шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койгон төрт кишиге 7,5 миң сомдон айып пул салынды.

Мелисбек Жунусов, Чынгыз Капаров, Алмазбек Баатырбеков жана Улан Бакасов эреже бузуу менен үгүт жарнамаларын мектепке жана мечитке жакын жерге илгени тууралуу маселе Борбордук шайлоо комиссиясында каралды.

Жумушчу топ аталган талапкерлер "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү" Конституциялык мыйзамдын талаптарын бузган деп, аларга айыппул салууну сунуш кылды. Бул сунуш БШКнын 21-ноябрдагы жалпы жыйынында колдоо тапты.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда болот. Жогорку Кеңештеги 90 орунга саясий партиялардан 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланат.

XS
SM
MD
LG