Бишкек шаарынын мэри “Азаттыктын” иликтөөсү боюнча жооп берди
Бишкекте жол оңдоого бюджеттен каралган акчанын 360 миллион сомго жакыны уурдалганы аныкталды. Бул тууралуу баш шаарынын мэри Айбек Жунушалиев "Азаттыкка" билдирип, прокуратурага кат жолдонгонун айтты. Бишкек шаарынын бийлиги 1 миллиард сомго жакын акчанын эсебин таппай жатканы тууралуу "Азаттыктын" журналисти Айбек Бийбосунов 1-ноябрда "Жолдон жоголгон 934 миллион сом" деген иликтөө жарыялаган. Анда шаар ичинде акчасы бөлүнүп, бирок курулбай калган жолдор көп экени аныкталган.