Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:33

Армения менен Азербайжандын лидерлери декабрда Брюсселде жолукмай болду


Никол Пашинян менен Илхам Алиев.
Никол Пашинян менен Илхам Алиев.

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен Азербайжандын президенти Илхам Алиев декабрда Брюсселде жолугууга макул болгонун Европа кеңешинин төрагасы Шарль Мишель билдирди.

"Эки өлкөнүн лидерлери Брюсселде жолугуп, аймактагы кырдаалды жана Еаропа Кеңеши колдогон Түштүк Кавказдын стабилдүүлүгү үчүн чыңалууну жөнгө салуу маселесин талкуулоону макулдашты", - деди 19-ноябрда Европа кеңешинин төрагасынын басма сөз катчысы.

Жолугушуу 15-декбарда "Чыгыш өнөктөштүгү" саммитининин алкагында болот. Бул тууралуу билдирүү Мишель Пашинян жана Алиев менен телефондон сүйлөшкөн соң жарыяланды.

"Ошондой эле телефондон сүйлөшкөн учурда эки өлкөнүн лидерлери инциденттерди алдын алуу механизми катары тиешелүү коргоо министрлеринин деңгээлинде түз байланыш линиясын түзүүнү макулдашты", - деп билдирди Еврокеңеш.

Бул Армения менен Азербайжан лидерлеринин Түштүк Кавказдагы былтыр күзүндөгү согуштан берки үчүнчү сүйлөшүүсү болот. Тоолуу Карабак анклавынын айынан тутанган куралдуу жаңжалда кеминде алты жарым миң киши каза болгон. Согуш Москванын ортомчулугу менен тараптар келишим түзгөндөн кийин токтогон. Согуш Москванын ортомчулугу менен тараптар келишим түзгөндөн кийин токтогон.

Буга чейинки жолугушуулар Москвада Орусиянын президенти Владимир Путиндин катышуусунда өткөн.

16-ноябрда Орусиянын арачылыгы менен азери-армян чек арасында ок атышууну токтотуу келишимине жетишилгени кабарланган.

Эртеси Армения соңку кагылышуулардан кийин кеминде бир жоокер каза тапканын, ондогон жоокери туткундалганын билдирди. Азербайжан жети аскери окко учканын маалымдап жатат. Армениянын Коргоо министрлиги жасаган билдирүүдө айтылгандай, кагылышууда кеминде бир жоокер каза тапты, 13 аскер азери куралдуу күчтөрү тарабынан туткундалды, дагы 24ү дайынсыз. Алардын тагдыры тууралуу маалымат жок. Буга чейин армениялык 15 аскер окко учканы кабарланган.

Армения менен Азербайжан былтыр күзүндө 44 күн Тоолуу Карабак анклавынын айынан согушкан. Ереван согушта Армениянын жана Тоолуу Карабактын 3 700дөн ашуун тургуну каза тапканын билдирген. Баку 2 900 кишисин жоготконун айтып келет. Ошондон бери ортодо чыңалуу улам курчуган учурлар катталууда.

Документке ылайык, Азербайжан Тоолуу Карабак аймагынын бир топ бөлүгүн өз көзөмөлүнө кайтарып алган. Орусиянын бейпилдик күчтөрү анклавга жана эки өлкөнү байланыштырган Лачин коридоруна жайгаштырылган.

Эл аралык коомчулук Тоолуу Карабакты Азербайжандын аймагы катары тааныганы менен, ал жерди 1990-жылдардын башынан тарта жикчил армяндар көзөмөлдөп келген.

XS
SM
MD
LG