Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:58

АКШда орусиялык мекендештер кеңеши ишин токтотту


АКШдагы орусиялык жердештер уюмдарынын координациялык кеңеши “чет элдик тыңчылар” тууралуу америкалык мыйзамга ылайык, атайын кызматтын иликтөөсүнө байланыштуу ишмердигин токтотконун жарыялады.

Анын тараткан маалыматы боюнча соңку жылы Федералдык иликтөө бюросу (ФБР) тарабынан АКШдагы 300дөн ашуун орусиялык суракка чакырылган. Тергөөчүлөр негизинен, АКШдагы Орусиянын дипломатиялык миссиясы менен андагы “Өлбөс полк” кыймылынын байланышына кызыккан.

Уюм АКШнын ички иштерине эч качан кийлигишпегенин, каражатка ээ эмес экенин, эч жактан грант албаганын жана башка тараптарга грант берилбегенин билдирген.

Орусиялык жердештер уюмдарынын координациялык Кеңешинин башчысы Елена Брэнсон анын үйүндө тинтүү жүргөнүн айтты.

АКШнын Федералдык иликтөөлөр бюросу бул жагдайга байланыштуу азырынча эч кандай комментарий бере элек.

Кошмо Штаттардагы орусиялык мекендештер кеңеши өзүн АКШда орус тили менен маданиятын сактоо жана өнүктүрүү менен алектенген, саясаттан алыс, коммерциялык эмес уюм катары белгилеп келет.

XS
SM
MD
LG