Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:52

Европа коронавируска каршы эмделбегендерге чектөөлөрдү киргизүүдө


Германиянын Дуйсбург шаары. 12-ноябрь 2021-жыл
Германиянын Дуйсбург шаары. 12-ноябрь 2021-жыл

Германиянын 16 аймагынын жетекчилери жана федералдык бийлик өкүлдөрү 18-ноябрда пандемияга каршы биргелешкен стратегияны талкуулашат. Шаршембиде өлкөдө инфекцияны жугузуп алгандардын күнүмдүк саны дагы бир жолу жогорку чекке жетти. Бир күндө 294 киши COVID-19 илдетинен көз жумду.

Германияда ушу тапта калктын 68% эмделип бүттү. Аймактардын өкмөт башчылары вирустун жайылышын алдын алуу чараларын, чектөөлөрдү, вакцинацияны сүрөө маселелерин талкуулашмакчы.

Ал эми коңшулаш Австрияда эмделбегендер үчүн карантин жарыяланган. Алар жумушка жана эң керектүү товарларды сатып алууга гана чыга алышат.

COVID-19ду токтотуу аракетин Словакия жана Чехия да көрүп жатышат. Эки өлкөдө тең вируска чалдыккандардын саны өсүүдө. Чех өкмөтү 22-ноябрдан тарта жаңы чектөөлөрдү киргизерин билдирди. Муну менен катар андай чараларга каршы чыккандар 17-ноябрда Прагада акция өткөрүштү.

XS
SM
MD
LG