Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:12

Сегиз өмүрдү жалмаган Кара-Суудагы авария


Кара-Суудагы жол кырсыгынан кийин тартылган сүрөт.
Кара-Суудагы жол кырсыгынан кийин тартылган сүрөт.

Кара-Суу районунда ири жол кырсыгында мүрт кеткендердин жакындары мамлекеттен коопсуздукка көңүл бурууну суранышууда.

16-ноябрда бул райондогу аварияда сегиз адамдын өмүрү кыйылып, 14 киши жараат алды. Айрымдары ооруканага жаткырылды. Бир ай мурун Таластагы аварияда тогуз киши набыт болгон. Өлкөдө жыл сайын катталган миңдеген жол кырсыктарында 800гө жакын кыргызстандык жарык дүйнө менен кош айтышууда.

Чак түштөгү каргаша

Жаңы-Алай айылынын 60 жаштагы тургуну Абдыразак Обозов кичиавтобуста эч нерседен капарсыз бараткан жеринде капилет өлүмгө дуушар болду. Ал Бишкек - Ош жолунун Кара-Суу районундагы бөлүгүндөгү ири кырсыкта набыт кеткен сегиз кишинин бири.

Биз маркумдун кайнежеси Гүлжамал Жороеваны кепке тарттык:

“Өтө жашоону сүйгөн адам болчу. Балдарына катуу сүйлөбөгөн, жубайына камкор эле. Анын өлүмү үй-бүлөсү же туугандары үчүн гана эмес, бүтүндөй айыл элине кейиштүү кабар болду. Ушул жол кырсыгында боюнда бар келин дагы өлүптүр. Бул эмне деген апаат?”.

Совет доорунда Чернобыль апаатынын кесепеттерин жоюуга катышкан ардагер Абдыразак Обозов Оштогу суу канал ишканасында иштеген. Анын сөөгү 17-ноябрда жерге берилди.

Чак түштөгү кырсыкта Mercedes үлгүсүндөгү жүк ташуучу машине, Mercedes-Benz Sprinter кичи автобусу жана Daewoo Nexia жеңил автоунаасы кагышкан. Окуя болгон учурда жетөө мүрт кеткен. Бир киши эртеси ооруканада жан берди. Алар Ош облусундагы Жаңы-Алай, Каарман, Учкун айылдарынын тургундары. Машинелердин айдоочулары аман калышкан. Каза болгондор кичи автобустун жана жеңил машиненин жүргүнчүлөрү.

Сүрөт айрым окурмандар үчүн үрөй учурган маанай жаратышы мүмкүн
Авариядан кийин тартылган сүрөт
Авариядан кийин тартылган сүрөт

Ош облустук ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Азиз Жунусовдун айтымында, беш адам аталган бейтапканада, үч бала балдар ооруканасында жатышат. Жарааты жеңил кишилерге медициналык жардам көрсөтүлүп, үйлөрүнө чыгарылды.

Жаңы-Алай айылдык кеңешинин төрагасы Медетбек Макенов окуя тууралуу буларды айтып берди:

“Күбөлөрдүн айтканына таянсак, кичи автобус алдыдагы машинени ашып өткөн учурда жүк ташыган автоунаа менен кагышкан. Негизи эле өлкөдө авария көбөйүп кетти. Мамлекет олуттуу түрдө профилактика иштерин жүргүзүүгө тийиш”.

Милиция Кара-Суудагы кырсыкты иликтөө үчүн кылмыш ишин козгоп, тергөө амалдары башталды. “Азаттык” кырсыкка кабылган айдоочулар менен байланыша алган жок.

Медетбек Макеновдун пикирин бул жерден угуңуз:


Жакынын жоготкондордун бири Гүлжамал Жороева эл ташыган транспортторду айдаганга жаш, тажрыйбасыз айдоочуларга уруксат берген органдарга нааразы. Ал Оштогу кичиавтобустардын айдоочуларынын көбү 30 жашка чейинкилер экенин, жол эрежесин көп бузушарын мисал тартты.

“Эл ташыйсың деп линияга коёрдо айдоочунун тажрыйбасын караш керек. Эмнеге ага көңүл бурулбайт? Кыргызстандын бийлиги жарандарынын коопсуздугун согушта же табият кырсыктарында эмес, тынч күндөрдө сактай албай жатат”.

Аварияда көз жумган Абдыразак Обозовдун уулу Мелис Обозов айдоочулукка окуткан курстардын ишин жөнгө салууну, каалагандын баарына машине айдаганга уруксат бербөөнү өкмөттөн суранды.

Жыл сайын өскөн сандар

Бишкектин тургуну Элан Абдыкеримов төрт ай мурун таанышынын машинесинде жүргүнчү катары баратканда жол кырсыгына кабылган. Колу-буту сынып, бир нече ай төшөктө жатканга мажбур болду.

Ал Кыргызстанда авариянын санын азайтууга гана эмес, жабыркагандарга реабилитациялык жардам көрсөтүүгө да жетиштүү көңүл бурулбай жатканын сындады:

“Мен бул маселеге аварияга кабылганга чейин көңүл бурбаптырмын. Дарыгерлер кырсыкка туш болгон кишиге көмөк көрсөтүшөт. Сынган жерди гипс кылышат, дары-дармектерди жазышат, алгачкы жардамды беришет. Андан ары реабилитациялык жардам ала турган медициналык мекемелер дээрлик жок. Мен ушул көйгөйгө туш болуп, аябай кыйналдым”.

Элан Абдыкеримовдун пикирин бул жерден угуңуз:


Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда быйыл тогуз айда 5437 жол кырсыгы катталып, 600гө жакын адам көз жумду. Жабыркагандардын саны сегиз миңден көп.

Авариялар былтыркыга салыштырмалуу дээрлик 30%, жол кырсыгында өлгөндөрдүн саны 15%, жаракат алгандар 31% көбөйгөн.

2020-жылы 6126 жол кырсыгы катталып, 754 адам көз жумган (анын 93ү балдар). Ал эми 2019-жылы 6663 жол кырсыгында 760 адам (91и бала) набыт кеткен.


Президент Садыр Жапаров быйыл июнь айында жол кырсыктарынын алдын алуу үчүн иш-чараларды күчөтүүнү Ички иштер министрлигине тапшырган.

Адистер жол кырсыктарынын көбөйүшүнө автоунаалардын саны өскөнүн, жолдордун сапатсыздыгын, ичип алып рулга отурган, ылдамдыкты ашырып, эреже сактабаган айдоочулардын көптүгүн себеп кылып көрсөтүшөт.

Дүйнөдө 2005-жылдан бери ноябрь айынын үчүнчү жекшембисинде жол кырсыктарынын курмандыктары эскерилет. Кыргызстанда бул күн 2012-жылдан тарта белгиленүүдө.

"Азаттыктын" архиви: Жол жаңылганды кечирбейт

XS
SM
MD
LG