Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:22

Байсалов Кыргызстан коронавируска каршы эмдөөдө артта калып жатканын айтты


Эдил Байсалов.
Эдил Байсалов.

Кыргызстан коронавируска каршы эмдөө боюнча КМШ өлкөлөрүнүн ичинде эң артта калып жатканын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди. Ал 11-ноябрда Коронавируска каршы ыкчам штабдын жыйынында эмдөөнүн мааниси тууралуу элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.

Ал Бишкек шаарында кошумча эмдөө түйүндөрүн ачууга жана вакцина тууралуу маалымат өнөктүгүн жүргүзүүгө шаардык саламаттык сактоо башкармалыгын милдеттендирди.

Аймактардагы жетекчилерге медициналык мекемелерди кычкылтек концентраты менен камсыздоону тапшырып, бул COVID-19 вирусунун оор түрүн жуктуруп алгандарга зарыл экенин белгиледи.

Байсалов жергиликтүү бийлик ээлерине жана саламаттык сактоо уюмдарынын башчыларына кычкылтек концентраты менен камсыздалбаган бейтаптар үчүн кылмыш жоопкерчилиги караларын эскертти.

11-ноябрда Кыргызстанда коронавирустан үч бейтап кайтыш болду. Үчөө тең вакцина албагандар экенин Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб кабарлады.

Ушуну менен өлкөдө коронавирус жугуп кайтыш болгондордун расмий саны 2697ге жетти. Ошондой эле 11-ноябрга карата 108 киши инфекцияны жугузуп алганы аныкталып, өлкөдө жалпы коронавирус жуктургандардын саны 182 090 адамга жетти.

Коронавирус инфекциясына каршы 1 миллион 823 миңге жакын адам вакцина алды. Анын миллиондон ашууну биринчи дозаны, калганы эки дозаны сайдырышты. Эмдөө бир адамга эки дозада сайылат, аралыгы 21 күн болууга тийиш.

Ушул тушта жашы 18ден өткөн жарандарга Sinopharm, Pfizer/BioNTech, Astra Zeneca, KazVac препараттары акысыз сайылууда. Саламаттык сактоо министрлиги Sputnik-V вакцинасы түгөнгөнүн билдирген. Ал ортодо Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги 12-ноябрда Бишкекке "Стутник лайт" вакцинасынын 200 миң дозасы келерин билдирди. (ZKo)

XS
SM
MD
LG