Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:41

"Кыргыз темир жолу" орусиялык компаниядан 100 вагон сатып алат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы өз каражаттарынын эсебинен орусиялык "Алтай Вагон" компаниясынан 100 даана үстү ачык вагон сатып алат. Анын 50сү үстүбүздөгү жылдын аягына чейин, калганы 2022-жылдын биринчи кварталында келет деп пландалууда. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Бишкекте өтүп жаткан орусиялык компаниялардын Эл аралык ишкерлер миссиясынын форумунун алкагында "Кыргыз темир жолу", Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду жана "Нацпромлизинг" (Улуттук лизинг корпорациясы) компаниясынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Буга чейин "Кыргыз темир жолу" өз каражаттарынын эсебинен 20 чакырым темир жолду оңдоо үчүн 2647 тонна темир рельстерин сатып алганын кабарлаган. Жакынкы арада рельстерди алмаштыруу иштери 148 жана Кыямат-Курколдун ортосундагы тилкеден башталат.

Бишкекте орусиялык компаниялардын Эл аралык ишкерлер миссиясынын форуму өз ишин 10-ноябрда баштаган. Ага Орусиядан бизнес чөйрөнүн 70тей өкүлү, Кыргызстандан 200дөй ишкер катышууда. Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду уюштурган үч күндүк иш-чарада орус ишкерлери Кыргызстандагы ишкерлер менен жаңы продукт өндүрүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашат. Орусиялык ишкерлердин форуму 12-ноябрга чейин уланат.

XS
SM
MD
LG