Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:49

COVID-19: Орусияда бир күндө 1100дөн ашуун адам көз жумду


Орусиянын Волжский шаарындагы оорукана, 25-октябрь 2021-жыл.
Орусиянын Волжский шаарындагы оорукана, 25-октябрь 2021-жыл.

Орусияда соңку бир сутка ичинде 1158 бейтап COVID-19дан көз жумду. Бул бир күн мурдагы көрсөткүчтөн болгону үч кишиге гана азыраак.

Орусиянын Коронавируска каршы күрөшүү штабы 1-ноябрда билдиргендей, акыркы 24 сааттын ичинде дагы 40 402 кишиден коронавирус аныкталды. Өлкөдө соңку үч күндөн бери вирусту жугузуп алгандардын саны 40 миңден ашып жатат. Ушул тапта Орусияда 932 миң киши коронавирустан дарыланууда.

146 миллиондой калкы бар Орусияда пандемия башталгандан бери кеминде 8,5 миллион киши өпкөнү сезгентүүчү бул вирусту жугузуп алды. Расмий статистикага ылайык, өлкөдө 240 миңдей адам COVID-19дан кайтыш болду.

Орусия коронавирустун курмандыктарынын саны боюнча Европада биринчи, дүйнөдө АКШ, Бразилия жана Индиядан кийинки төртүнчү сапта турат.

Орусиянын Коронавируска каршы күрөшүү штабы түздөн-түз COVID-19дан өлгөндөрдү гана каттоого алып келет. Бирок Орусиянын Мамлекеттик статистика кызматы 29-октябрда коронавирустан көз жумгандардын кеңири критерий менен эсептелген санын жарыялады. Ага ылайык, сентябрь айынын соңуна карата Орусиядагы 462 миң өлүмгө коронавирус инфекциясы себеп болушу мүмкүн.

Адистер Орусияда илдеттин күчөшүн эмдөө жараянынын солгун жүргөнү менен байланыштырып келет. Буга чейин орус президенти Владимир Путин вирусту ооздуктоо үчүн 30-октябрдан 7-ноябрга чейин көпчүлүк мамлекеттик мекемелер жана бизнестер үчүн каникул жарыялаган.

XS
SM
MD
LG