Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:02

2021-жылы бюджет тартыштыгы 19,5 миллион сом болору айтылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Парламент бүгүн, 27-октябрда быйылкы жылдын бюджетине өзгөртүү киргизүүнү карап жатат. Финансы министри Алмаз Бакетаевдин айтымында, 2021-жылы республикалык бюджеттин кирешеси 188 миллиард 200 миллион сом, ал эми чыгашасы 207 миллиард 400 миллион сом болот деп белгиленген. Тартыштык 19 миллиард 463 миллион сом.

Жогорку Кеңеш буга чейин кабыл алган мыйзамга ылайык, 2021-жылы республикалык бюджеттин кирешеси 172 миллиард 891 миллион сом, ал эми чыгашасы 181 миллиард 354 миллион сом болот деп белгиленген. Тартыштык 8 миллиард 463 миллион сом болору айтылган.

Министрлер кабинети быйыл бюджетти 280 миллиард сом менен жаап, кийинки жылы 400 миллиард сомго көбөйтө турганын жарыялаган. Жыл сайын тартыштык менен аткарылган бюджет жакынкы жылдары дароо көбөйүп, секирик болоруна экономисттер ишенбей келишет.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өзү да Жогорку Кеңеште бюджетти кескин көбөйтүп, 2024-жылга чейин 600 миллиард сомго жеткирүүгө убада берген. (КЕ/ErN)

XS
SM
MD
LG