Гидрометеорология боюнча агенттиги 28-октябрда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабай турганын билдирди. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет деп билдирди.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 2...7, күндүз 11…16;
Талас жергесинде түнкүсүн 0...5, күндүз 9…14;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 3…8, күндүз 14…19;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 10…15;
Нарын облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 10…15;
Бийик тоолордо түнкүсүн -12…-17, күндүз 0…-5;
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 3…5, күндүз 16…18 градус жылуу болот.