Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:23

Ирактан кайтарылган кыргызстандык балдар тууралуу маалымат берилди


Ирактан кайтарылган кыргызстандык кыздар.
Ирактан кайтарылган кыргызстандык кыздар.

Ирактан кайтарылган кыргызстандык балдардын кичүүсү үч, улуусу 18 жашта. Бул тууралуу бүгүн, 26-октябрда Бишкекте Ирак менен Сириядан Борбор Азия өлкөлөрүнө кайтарылгандардын реабилитация жана реинтеграция маселеси талкууланган жыйында маалым болду.

Кыргызстан «Мээрим» гуманитардык миссиясынын алкагында Ирактагы качкындар лагеринен быйыл жазында 79 баласын кайтарып алганын маалымдаган.

Бүгүн белгилүү болгондой, балдар Ирактын борбору Багдад шаарындагы атайын абак жайларында энелеринин жанында болушчу. 79 баланын 37си Ирак, Сирия жана Түркия өлкөлөрүндө төрөлгөн.

Эки баланын туугандары Токмок шаарында, калган 77синин жакындары Ош (51), Жалал-Абад (17) жана Баткен (9) облустарында экени аныкталган.

Кайтарылгандардын 39у уул, 40ы кыз бала.

Өкмөт алар менен дарыгерлер, психологдор жана социалдык кызматкерлер иштеп жатышканын, документтери бүткөндө туугандарына өткөрүлүп берилерин билдирген. Бүгүнкү жыйында балдар бакчага жана мектепке барып, коомго аралашуу этабынан өтүп жатышканы айтылды.

Жыйынга Борбор Азия өлкөлөрүнүн өкүлдөрү катышууда. Анда айтылгандай, Сирияга жана Иракка чет өлкөлүк согушкер-террорчу катары аймактан жалпысынан 4 миңдей адам кеткен. Натыйжада эркектеринин көбү ошол жакта каза болуп, аялдары жана балдары же качкындар лагеринде, же абакта кармалууда.

Сирия жана Ирактан Казакстан 600дөн ашуун, Өзбекстан 200дөй жаранын (аялдар жана балдар), Тажикстан Ирактан 84 баласын кайтарган.

2021-жылдын 1-февралындагы маалыматка караганда, Сириянын түндүк-чыгышындагы лагерлерде репатриация күтүп жаткан балдардын саны 27,5 миңдин тегерегинде болчу.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) 2018-жылдагы маалыматына караганда, Сириянын согуш болуп жаткан аймактарына Кыргызстандан 850 жаран кетип, анын 150сү ошол жакта набыт болгон. «Ислам мамлекети» террордук тобуна кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар экени айтылган. (RK/KE)

XS
SM
MD
LG