Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:32

"Кызыл зонада" иштегендер эки айлык маянасын ала элек


"Кызыл зонада" иштеген медкызматкер.
"Кызыл зонада" иштеген медкызматкер.

Коронавирус инфекциясына байланыштуу "кызыл зонада" иштеген медицина кызматкерлери эки айдан бери айлык ала элек. Дарыгерлердин айлыгын берүү үчүн бюджеттен кошумча каражат бөлүү маселеси бүгүн, 19-октябрда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде каралды. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна (ФОМС) 480 млн., министрликке 100 млн. сом керек экенин билдирди.

"Бизге каржылоо ачылбай баратып, август-сентябрда "кызыл зонада" иштегендердин айлыгын бере албай калдык. Азыр сиздер ачып берсеңиздер ушул дем алыштын аягына чейин маянанын бардыгын төлөйбүз", - деди министр.

Депутат Арысланбек Акбаров айрым аймактарда дарыгерлер июль айынын айлыгын ала албай жатышканын белгиледи. Комитет министр сураган каражатты бөлүп берүүгө макул болду.

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык ыкчам штабдын маалыматына караганда, 19-октябрда ооруну жугузуп алган эки бейтап каза болду. 93 адамдан коронавирус инфекциясы жаңы аныкталды. Илдеттен каза болгондордун бардыгы вакцина албагандар экени айтылууда.

Учурда 571 адам ооруканада, 527 бейтап үйүндө дарыланып жатат.

Былтыр марттан бери Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 180 006 адамга жетти, 2 638 адам каза болду.

Кыргызстанда инфекцияга каршы эмделгендердин жалпы саны 1,6 миллиондон ашты. Алардын 914 миңге жакыны вакцинанын биринчи дозасын алган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG