Коомдук телерадио корпорациясынын (КТРК) мурдагы директору Бактияр Алиев Социалдык фонддун төрагасы болуп дайындалды.
Аны бүгүн эмгек жамаатына Министрлер кабинетинин төрага орун басары Эдил Байсалов тааныштырды.
Алиевге чейин Социалдык фондду 2021-жылдын май айынан бери Жаныбек Орозалиев жетектеп турган.
43 жаштагы Алиев Ош технологиялык университетинде финансы адистиги боюнча билим алган. Экономика илимдеринин кандидаты илимий даражасы бар.
2001-2009-жылдары Социалдык фонддо иштеген. 2009-2020-жылдары КТРКнын Республикалык радио телеборборунун директору болуп иштеп, 2020-жылдын аягында КТРКнын башкы директору болуп дайындалган эле. (BCh)