Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:06

Бир мандаттуу округ: Аял талапкерлердин эң көбү Ысык-Көлдө, ал эми Таласта аялдар чыккан жок


Иллюстрациялык архивдик сүрөт.
Иллюстрациялык архивдик сүрөт.

Кыргызстанда парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдан катышуу ниетин билдиргендер арасынан аялдар эң көбү Ысык-Көл облусунда. Ал эми Талас облусунан бир да аял өз талапкерлигин көрсөткөн жок.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, бир мандаттуу шайлоо округдардан талапкер болуп катталуу үчүн арыз менен кайрылгандар 381 адам болду, алардын 31и аял, 350сү эркек.

Аялдардан Баткенде төртөө, Ош, Жалал-Абад, Чүй облустарында үчтөн, Бишкекте жана Нарында төрттөн, Ысык-Көлдө 10 талапкер.

Арыз бергендер арасынан кимиси талапкер катары расмий катталганы 29-октябрда белгилүү болот.

Ал эми Кыргызстандын бирдиктүү бир округунан партиялык тизме менен шайлана турган талапкерлер арасында аялдар канча экени азырынча белгисиз, себеби документтерди кабыл алуу жараяны 18-октябрга чейин уланат.

Кыргызстанда быйыл 28-ноябрда парламенттик шайлоо өтөт. Шайлоонун жаңы эрежесине ылайык, пропорционалдык тутумдун негизинде бирдиктүү шайлоо округу боюнча 54, ал эми мажоритардык тутумдун негизинде бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланат.

Бирдиктүү округдан партиялык тизме менен катышууну көздөгөн 73 партиянын арасынан 13-октябрга карата 23ү талапкерлеринин тизмеси аныкталганын маалымдашты. Алардан документ кабыл алуу 18-октябрда токтойт.

Аялдардын укугун коргоо уюмдары аялдардын мажоритардык тутум боюнча шайлануу мүмкүнчүлүгү жокко эсе экенине, 90 мандаттын 16сы гана аялдарга тиерине кооптонуусун билдиришкен. (RK)

XS
SM
MD
LG