Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:11

Москвада бир жылда 5,5 миңден ашуун селсаяк каза тапкан


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2020-жылы Орусиянын баш калаасы Москвада 5,5 миңден ашуун туруктуу жашаган жери жок адамдар каза болгон.

Бул 2019-жылдагы көрсөткүчкө караганда 13 эсеге көп, 2019-жылы 420 селсаяк көз жумган.

Бул тууралуу "Новая газета" басылмасы кайрымдуулук фонддорунун маалыматтарына таянып кабарлады.

Москванын Эмгек жана социалдык коргоо департаментинин маалыматына караганда, шаарда 14 миңдей селсаяк бар. Бейөкмөт уюмдар үй-жайы жоктордун саны 100 миңге чукул экенин белгилеп келет.

"Ночлежка" аттуу кайрымдуулук уюмунда 2020-жылы калкынын саны бир миллиондон ашкан Орусиянын 16 шаарынын ар биринде 15 миңден ашуун селсаяк бар экени эсептелген.

Үй-жайы жоктордун арасында эң көп өлүм Москва, Новосибирск, Самара, Омск, Санкт-Петербург шаарларында катталат.

Буга чейин "Настоящее время" телеканалы Орусиядагы кыргызстандык селсаяктар тууралуу видео тарткан. Анда Кыргызстандын бул өлкөдөгү элчилиги да, миграциялык кызмат дагы алардын так саны тууралуу маалымат бере алган эмес. (BCh)

XS
SM
MD
LG