Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:50

ИИМ: Курсан Асановдун аудиосу боюнча башка экспертиза дайындалат


Алмаз Сарыбаев менен Курсан Асанов бийликти басып алууга шек саналып камалган. Коллаж.
Алмаз Сарыбаев менен Курсан Асанов бийликти басып алууга шек саналып камалган. Коллаж.

Ички иштер министрлиги абакта жаткан Курсан Асановдуку делген аудио боюнча башка экспертиза дайындайт. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтин билдирүүсүнө ылайык, Асановдун адвокаттары өткөргөн экспертизалар кылмыш ишинде далил катары кабыл алынбайт. Анткени экспертиза башка материалдарды салыштыруу менен өткөрүлгөн эмес.

"Тергөө жаңы лингвистикалык жана үн экспертизасын дайындоону карап жатат. Эксертизаны өткөрүүнү салыштыруу материалдары менен кошо мамлекеттик тийиштүү органдарга тапшырат", - деди министрликтин басма сөз кызматы.

Курсан Асановдун адвокаты Чынара Жакупбекова 6-октябрда социалдык тармакка тараган Курсан Асанов менен Алмаз Сарыбаевдин сүйлөшүүсү делген аудиону Орусиянын жана Казакстандын эки экспертизасы монтаждалган деп тыянак чыгарып бергенин билдирген.

7-октябрда Жогорку Кеңеште Курсан Асановдун үнү делген аудио тууралуу маселе көтөрүлүп, депутат Мурадил Мадеминов аудиону монтаждоого күч органдарын айыптаган.

14-сентябрда Ички иштер министрлиги Курсан Асанов “башка адамдар менен бирге алдын ала сүйлөшүп, бийликти күч менен басып алууга активдүү даярданып, уюштуруп жүргөн” деген шек менен Жазык кодексинин 309-беренесинин (“Бийликти күч менен басып алуу”) негизинде шектүү катары кармалганын билдирген.

Анын алдында интернетте Асанов менен Сарыбаевдин телефондон сүйлөшкөнү делген аудио тараган. 15-сентябрда Алмаз Сарыбаев да кармалып, Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынган.

16-сентябрда Асанов Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен Ысык-Ата районунун Төмөнкү Нооруз айылындагы №50 тергөө абагына эки айга камалган. Асановдун адвокаттары №50 колонияда өтө оор кылмыш жасагандар отурарын, 2015-жылы абактагылар күзөт кызматкерлерин өлтүрүп качып кеткен окуя ошол жерде болгонун белгилеген.

Асановго буга чейин козголгон үч иш бириктирилип, Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралууда.

Быйыл январь айында ага 2020-жылдын октябрындагы окуяларга байланыштуу "Имаратты жана мекемени басып алуу" деген берене боюнча айып тагылган. Анда Курсан Асанов алгач камалып, кийин үй камагына чыгарылган. (МТа)

XS
SM
MD
LG